Бүгүн, 2025-жылдын 9-майында, Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата митинг-реквием болуп өттү.
Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери, эмгек ардагерлери, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, КР Коргоо министринин орун басары, генерал-майор Эрлис Тердикбаев, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Үсөналиев, ошондой эле Бишкек гарнизонунун аскер кызматчылары жана шаар тургундары катышты.
Иш-чаранын катышуучулары курман болгондорду бир мүнөт унчукпай эскерүү менен Өчпөс отко гүл коюшту.
Андан соң ардагерлер үчүн салттуу "солдат" боткосу тартууланып, майрамдык концерт уюштурулду.
Аны менен катар Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналган "Өлбөс полк" аскердик-патриоттук акциясы өттү.
Жөө жүрүш Д.Асанов атындагы парктан башталып, Жукеев-Пудовкин/Ибраимов көчөлөрү аркылуу Жеңиш аянтындагы "Өчпөс от" мемориалына чейин келди.
Иш-чарага бардык каалоочулар катышты. Жүрүшкө чыккандардын ар бири өз тууганынын сүрөтүн колуна кармап, "Өлбөс полктун" колоннасында Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлеринин эрдигин эскеришти.