Бишкек жаңы түстөр менен жаңырды — бүгүн, 2025-жылдын 26-апрелинде Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Ачык Бишкек Дельфы оюндары-2025 салтанаттуу ачылышы болду.

Кыргызстандын булуң-бурчунан жаш таланттар чогулуп, өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүп, чыгармачылыгын тартуулашат. Дельфы оюндары 7 жаштан 25 жашка чейинки балдарды жана жаштарды бириктирет.

Ачылыш аземге Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышты. Ал өз сөзүндө келечектин маданиятын калыптандырган, муундарды жана элдерди бириктирген искусство экенин, Дельфы оюндары сыяктуу иш-чаралар борбор калааны маданий тартуунун борбору катары өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

«Силер өлкөнүн келечегисиңер, эртең маданиятты даңазалап, руханий байлыкты арттырып, каада-салтты сактап, жаңы, заманбап идеяларды тайманбай киргизе тургандарсыңар», - деп белгиледи борбор калаа башчысы.

Оюндардын уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясы, мэриянын маданият башкармалыгы жана КР Дельфы комитети.

Оюндар 30-апрелге чейин уланат жана  музыкадан тарта санариптик чыгармачылыкка чейин ар түрдүү номинацияларды камтыйт. Бул жөн гана сынак эмес, чыгармачылык диалогдун, өзүн көрсөтүүнүн жана маданий алмашуунун чыныгы аянтчасы.

Ачык Бишкек Дельфы оюндары – 2025 таланттар жөнүндө гана эмес, ушул жерде жана азыр жаралып жаткан Кыргызстандын маданиятынын келечеги – сахнада, репетиция залдарында, көрүүчүлөрдүн кол чабууларында.