Бишкекте шаар тургундарын жана конокторун жаркын жана түркүн түстөрү менен кубандырып, алгачкы жоогазындар гүлдөй баштады.

Быйыл шаар тургундары Эмен паркында, филармониянын имаратынын жанында, "Театралдык" жана "Дене тарбия" скверлеринде, ошондой эле Жеңиш, Ататүрк парктарында, Карагач токоюнда гүлдөп турган жоогазындарды көрө алышат.

Бул сезондун өзгөчөлүгү – Голландиядан тандалып алынып келинген жоогазындардын рекорддук саны – 235 998  даана. «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын чебер гүл өстүрүүчүлөрү жазында борбор калаанын сейил бактары дизайнердик композициялар менен кооздолушу үчүн отургузуу элементтерин кылдаттык менен ойлонушту.

Шаар тургундары пион жоогазындарынын, ошондой эле ар түрдүү түстөгү: ак, кызыл, сары, кызгылт жана кызгылт көк жоогазындарынын кооздугунан ырахат ала алышат.

Биз борбор калаанын бардык тургундарын жана конокторун жаздын жана гүлдөгөн жоогазындардын кооздугунан ырахат алууга чакырабыз, бул биздин сейил бактарда кубанычтын жана жайлуулуктун атмосферасын түзөт!