Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиев менен Бишкек шаарынын «Алга KIDS» командасынын футболчуларынын жолугушуусу болуп өттү.
Шаар мэри жаш спортчуларга эстелик белектерди тапшырып, 2025-жылдын 27-31-мартында Ташкент шаарында өткөн 2015-жылы төрөлгөн балдар арасында өткөн «Достлик-2025» жаштар арасындагы эл аралык турнирдеги жеңиши менен куттуктады.
Айбек Джунушалиев футболчуларга дем-күч сөздөр менен кайрылып, ата мекендик спортчулар үчүн «Алга» стадионунда бардык шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.
Мелдешке үч өлкөдөн (Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан) 24 команда катышып, үч топко бөлүнгөн.
«Алга» командасы финалда Ташкенттин «Локомотив» командасы менен кездешип 2:1 эсебинде жеңишке жетишти, муну менен өз тобунда биринчи орунду ээледи.