Бүгүн, 2025-жылдын 11-мартында, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иштер менен таанышты.
Учурда борбор калаада Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо иштери аяктады. Бардыгы болуп 11 км дарыянын нугу тазаланып, HOWO үлгүсүндөгү самосвалдын 2100 рейси аткарылып, 46 822 тонна таштанды чыгарылды. Дарыя жээктерин бекемдөө үчүн 4287 тонна шагыл төгүлгөн.
Бишкек шаарнын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан тиешелүү уруксат документтери жок дарыянын жээгинде жайгашкан 16 объектти демонтаждалган.
«Иш муну менен эле токтоп калбайт. Бүгүнкү күндө негизги иштерден тышкары дарыяны эстетикалык көрүнүшкө алып келүү үчүн чакан экскаваторлорду ишке киргизебиз», - деп баса белгиледи калаа башчысы.
Текшерүү учурунда Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына Аламүдүн дарыясынын жээгинде жайгашкан тосмолор кандай негизде орнотулгандыгын иликтөө тапшырмасы берилди. Тиешелүү уруксаттар жок болсо, демонтаждоо иштерин жүргүзүшөт.
Ошондой эле, «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү, сейилдөөчү аянтча уюштуруу, жарандардын эс алуусу үчүн шарттарды түзүү жана дарыя жээктерин бекемдөө боюнча башка тиешелүү иштерди жүргүзүү милдети коюлду. Жөө жүрүүчүлөрдүн эс алуу жерлериндеги чуңкурларды оңдоо иштери "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына тапшырылды.
Мындан тышкары, борбор калаа башчысы Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштери менен таанышып, тазалоо иштерин 2025-жылдын 20-мартына чейин бүтүрүү милдетин койду.
Учурда 1400 погон метр тазаланды. Тазалоо иштерине жаңы атайын техника, анын ичинде 5 экскаватор жана 9 HOWO самосвалы тартылды.
Тазалоо иш-чараларын «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы башка шаардык кызматтар жана КР ӨКМ менен биргеликте жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, механикалык тазалоо суу ташкындарынын алдын алууда, суунун сапатын жакшыртууда жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.