Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы биринчи ротордук унаа токтоочу жайдын орнотулушу менен таанышып чыкты.

"Орто-Сай" базарынын аймагындагы Безымянная көчөсүндө “Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар" муниципалдык ишканасынын адистери "Могилёвлифтмаш" ААКнын өкүлдөрү менен биргеликте 10 орундуу конструкцияны чогултууда.
Белгилей кетсек, сыноо иштери жүргүзүлгөндөн кийин унаа токтоочу жай иштей баштайт.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине караштуу "Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар" муниципалдык ишканасы "Могилёвлифтмаш" ААК менен ПРД-10 орундуу унаа токтоочу жайдын жабдууларын жеткирүү боюнча келишим түзгөн.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясы ар кандай типтеги унаа токтоочу жайлардын комбинациясын колдонууда. Аянты туура келген аймактарга көп кабаттуу унаа токтоочу жайларды куруу пландаштырылууда, ал эми чектелген жерлерде ротордук унаа токтоочу жай орнотулат.

Мындан тышкары, борбор калаа башчысы базардын аймагындагы 252 автоунаага ылайыкташтырылган жер төлөсү бар көп кабаттуу автоунаа токтоочу жайдын курулуш иштерин текшерди. Курулуш иштери ушул жылдын жай айларында аяктайт.
Бул долбоорлордун ишке ашырылышы борбор калаадагы унаа токтоочу жайлардын абалын бир топ жакшыртат.