Ош базарынын аймагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин жетекчилигинин астында көрктөндүрүү, башаламан соода жана Ала-Арча дарыясынын жээгин тазалоо боюнча рейд өткөрүлдү.

Текшерүүгө мэриянын жетекчилиги, Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын жана ӨКМ башчылары, ошондой эле муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышты.

Токтогул көчөсүндөгү соодагерлер менен болгон жолугушууда мэр башаламан сооданын, өзгөчө жашылча-жемиштердин белгиленбеген жерлерде сатылышы санитардык нормаларды бузуп, соодагерлердин жана сатып алуучулардын ден соолугуна коркунуч туудурарын белгиледи. Муниципалдык инспекцияга мыйзамсыз соодагерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо тууралуу эскертүүлөрдү берүү тапшырмасы берилди.

Айбек Джунушалиев Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун ишин жетишсиз деп баалап, көпчүлүк тамак-аш азыктары ачык асманда унаа жолдордун боюнда сатылып жатканын айтты.

Ала-Арча дарыясынын жээгин текшерүү учурунда, мэр Ала-Арча дарыясынын жээгин таштандылардан тазалоо боюнча, ошондой эле атайын техникаларды тартуу менен уруксат берилбеген объектерди демонтаждоо боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Механикалык тазалоо иштери суу ташкындарын алдын алуу, суунун агымын жакшыртуу максатында өтө маанилүү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө "Тазалык" муниципалдык ишканасына базар айланасындагы ирригациялык түтүктөрдү тазалоо, "Бишкекжашылкурулуш" ишканасына дренаждык системалардын туура иштеши үчүн жерди төмөндөтүү боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды, "Бишкекасфальтсервис" ишканасына Токтогул/Бейшеналиева көчөлөрүнүн бөлүгүн реконструкциялоо боюнча пландарын түзүү тапшырылды.

Борбор калаанын башчысы соодагерлер менен болгон жолугушууда эски базар жаңы жайга көчүрүлсө, соода орундарын мыйзамдуу келишимдери жана патенттери бар соодагерлер гана ээлешерин белгиледи.

Айбек Джунушалиев соодагерлер өз ишмердүүлүгүн мыйзамдуу негизде жана соода жүргүзүүгө арналган жерлерде гана жүргүзө аларын баса белгиледи.

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасына ылайык, Муниципалдык инспекция Ош базарынын айланасын текшерди. Текшерүү Токтогул, Бейшеналиева көчөлөрү жана Чүй проспектисинин Киев жана Кулиев көчөлөрүнөн баштап жүргүзүлдү. Башаламан соодагерлерге 1 жума мөөнөт менен эскертүүлөр берилди.