Бүгүн, 2025-жылдын 25-февралында Бишкек шаарындагы "Чоң-Арык" конушунда жайгашкан №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы филиалынын салтанаттуу ачылышы өттү.
Ачылыш аземге Жогорку Кенештин депутаты Марлен Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери жана Үй-бүлөлүк медицина борборунун жамааты катышты.
Жаңы имарат бул аймактагы тургундарды сапаттуу медициналык жардам менен камсыз кылууга багытталган. Борбор 26 000ден ашуун адамга кызмат көрсөтөт. Имаратта бейтаптарды ыңгайлуу кабыл алуу, дарыгерлердин жана медициналык кызматкерлердин иши үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
“Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктардын жашоо сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп келет. Маанилүү багыттардын бири медициналык кызматтар менен камсыздоо болуп саналат. “Чон-Арык” конушунун тургундары өз убагында жана квалификациялуу медициналык жардам алуу үчүн поликлиникага муктаж болуп келген. Шаардык бюджеттин алкагында мэрия тарабынан аталган Үй-бүлөлүк медицина борборун куруу жана оңдоп-түзөө үчүн 145 млн сом бөлүнгөн. Албетте, муниципалитет бул багыттагы иштерин дагы улантат, - деп белгиледи Виктория Мозгачева.
“Бишкектеги Үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы №2 филиалынын имаратын ачуу биринчи кезекте медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Эми район тургундары заманбап стандарттарга жооп берген ыңгайлуу шарттарда сапаттуу медициналык кызматтар менен камсыздандырылды. Саламаттыкты сактоо инфраструктурасын чыңдоо биздин артыкчылык бойдон калууда жана бул долбоор мамлекет менен муниципалдык бийлик органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн ачык мисалы”, - деди КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов.
Белгилей кетсек, бул иштер Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн, ал эми подряддык уюм катары "Эсир Компании" ЖЧКсы катышкан.
Борбордо бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Мында дарыгерлердин кабинеттери, ЭКГ, УЗИ, рентген, физиотерапия кабинеттери, стерилизациялоо, техникалык жана чарбалык имараттар жайгашкан. Ошондой эле бейтаптар үчүн лифт жана санитардык түйүндөр каралган. Долбоордун алкагында жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери аткарылып, борборду заманбап гана эмес, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ыңгайлуу жайга айландырды.
Маалымат катары: ҮМБнын №2 филиалы 1996-жылы түзүлүп, бир нече жылдар бою “Чон-Арык” айылында жана "Орок" конушунда жайгашкан. Бирок убакыт өткөн сайын имараттар жараксыз абалга келип: тамдары тешилип, фундаменти чөгүп, ооруканалардын иштөө жана пациенттерди кабыл алуу шарттары заманбап талаптарга жооп бербей калган. Ошондуктан, Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен “Чон-Арык” конушундагы, Семетей көчөсү, 6 дареги боюнча 2,3 гектар аянтка жаңы медициналык мекеме куруу үчүн жер бөлүнгөн. 2024-жылы курулуш башталып, 2025-жылдын февралында расмий ачылды.