Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо иштерин текшерди.
Иш сапардын жүрүшүндө мэр дарыяны тазалоо шаардыктардын коопсуздугун камсыздоого жана борбордогу экологиялык абалды жакшыртууга багытталган артыкчылыктуу милдет экенин белгиледи.
Азыркы учурда Аламүдүн дарыясынын нугун механикалык тазалоонун экинчи этабы уланууда.
Бул максатта жаңы атайын техникалар, анын ичинде 7 экскаватор жана 10 "HOWO" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тартылды.
Тазалоо иштери "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка шаардык кызматтар менен биргеликте аткарылууда.
"Атайын адистер тобунун биргелешкен аракеттери экологиялык көйгөйлөрдү жоюуга, жергиликтүү тургундарды коргоого жана жаратылыш чөйрөсүн калыбына келтирүүгө багытталган. Биз буга чейин жүргүзүлгөн иштердин оң натыйжаларын көрүп жатабыз жана команда максималдуу натыйжа берүү менен эмгектенүүнү улантууда", — деп белгиледи Айбек Джунушалиев.
Экинчи этапта дарыянын 500 метри тазаланып, 3 852 тоннадан ашык таштанды чыгарылды.
Буга чейин Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоонун биринчи этабында 1600метри тазаланып, 12 тоннадан ашык таштанды чыгарылган.
Механикалык тазалоо-суу ташкынын алдын алуу, суунун сапатын жакшыртуу жана ыңгайлуу шаар чөйрөсүн түзүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат.
Мэр жергиликтүү тургундарды тазалоо демилгелерин колдоого жана шаардын жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылууга чакырды.
Ошондой эле тиешелүү уруксат документтери жок, дарыянын жээгинде жайгашкан 15 объект бузулууга дуушар болду. Алардын ичинен 10 объект демонтаждалып, 5 объекттин ээлери кепилдик милдеттенмелерин жазышты.