Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2024-жылга карата жыйынтыктары жана 2025-жылга карата милдеттери жөнүндөгү” коллегиясына катышты.  

Борбор калаанын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча шаардын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков баяндама жасады.  

Ал белгилегендей, Бишкек 2024-жылы экономикалык өсүштү көрсөтүп, өнөр жай өндүрүшүнүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн, тышкы сооданын, инвестициянын жана курулуштун өсүшү менен мүнөздөлгөн. Ошондой эле орточо эмгек акынын өсүшү жана жумушсуздуктун деңгээлинин төмөндөшү байкалды. Мындан тышкары шаарда 12 жаңы өнөр жай ишканасы ачылды.

баяндамада шаар бийлигин санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду, айрыкча шаардык маалыматтык системаларды жана мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.

Дагы бир артыкчылыктуу багыт жол инфраструктурасын өнүктүрүү болду. Биринчи вице-мэрдин айтымында, 2024-жылы 25 чакырым жол жана 20,6 чакырым тротуар оңдолуп, жалпы узундугу 21,7 чакырымды түзгөн 6 көчө реконструкцияланып, ошондой эле жаңы асфальт-бетон заводу ишке киргизилген.  

Андан ары негизги баяндаманы МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев жасады.

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы чогулгандардын көңүлүн Кыргыз Республикасынын 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына буруп, “2024-жыл окуяларга бай жыл болду” деп белгиледи.  

“Алдын ала маалыматтар боюнча 2024-жылга карата ИДПнын көлөмү 1 трлн 523 млн сомду түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 9%га көп. Кумтөрдү эсепке албаганда өсүш 10,3% түздү. Экономикалык өсүш бардык тармактарда байкалды. ИДП жан башына 2020-жылы 1 200 доллардан 2024-жылга карата 2 431 долларга чейин өстү. Геосаясий жана климаттык тобокелчиликтерге карабастан, Кыргызстанда үчүнчү жыл катары менен инфляциянын төмөндөшү байкалууда. Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 2023-жылдагы 482,8 млрд сомго салыштырмалуу 2024-жылы 585 млрд сомдон ашты. Буга республика боюнча 102 ишкананын ишке кириши өбөлгө түздү”, – деп белгиледи МинКаб Төрагасы.

Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев муниципалитеттин алдына бир катар милдеттерди койду, тактап айтканда, транспортту, экологияны жана жерди пайдаланууну өнүктүрүү боюнча программаларды иштеп чыгуу, социалдык тейлөөнү жакшыртуу, муниципалдык ишканаларга менчиктин кирешесин жогорулатуу жана дебитордук карыздарды кыскартуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.  

Ошондой эле, МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылга бекитилген иш-чаралар планын өз убагында аткарууну камсыздап, коррупциянын алдын алуу жана болтурбоо боюнча тез арада чараларды көрүүнү тапшырды.

“Бишкек – мамлекетибиздин борбору, андыктан анын өнүгүшү жана калкынын жашоо сапаты бүткүл Кыргызстандын келечегине түздөн-түз таасир этет. Бишкекти жашоого ыңгайлуу, коопсуз жана өнүккөн шаарга айландыруу сиздердин колуңуздарда”, – деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.