Бүгүн, 2025-жылдын 22-январында саат 6:00дө Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Тазалык» муниципалдык ишканасына жаңы алынган атайын техникаларды кабыл алды.
Ошентип, ишкананын автопаркы дагы 20 кар тазалоочу машина менен толукталды.
Ага мэрдин орун басарлары жана район акимдери катышып, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары да чакырылган.
Жеринде атайын техника ар бир МАБга бөлүштүрүлгөн.
Калаа башчысы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын ишинин сапатын текшерип, ишкананын кардын жааганына карата даярдыгын да баалады.
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Жолдош Чуштуков билдиргендей, алдыңкы күндөрү кар жааса 94 даана атайын техника даярдалды. Анын ичинен 43 даана МАЗ үлгүсүндөгү кар тазалоочу унаалар, 10 даана Шахман КДМ (автотранспорту), 4 даана ХОВОунаасы, 2 даана фронталдык жүктөгүчтөр, 24 даана “Беларусь” тракторлору щетка жана күрөктөрү менен, 4 даана "УКМ-2500" универсалдуу муниципалдык унаасы, 4 бирдик "Бопкат" щеткалары жана 3 даана күрөк жүктөгүчтөрү менен.
Мындан тышкары, ишкананын 750 кызматкери карды тазалоого тартылат.
Жеринде жолдорду жана тротуарларды кардан тез арада тазалоо, туз себүү боюнча тапшырмалар берилди.
Борбор калаанын көчөлөрүндө коопсуздукту камсыздоо максатында «Тазалык» муниципалдык ишканасына бардык резервдерди ишке тартуу тапшырмасы берилди. Төрт райондун акимдерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 22-23-январында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.