Шаарыбыздын Трудовая көчөсү, 4 дарегинде  дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу комплексинин салтанаттуу ачылышы болду.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышты.

Ошондой эле   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.А. Масабиров, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Б.Б. Үсөналиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты – Кыргызстандын дзюдо федерациясынын президенти К. Конгантиев жана JICA эл аралык япон агенттигинин Бишкек кеңсесинин жетекчиси Хироюки Кавамото катышып, куттуктоо сөз сүйлөштү.

Дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу комплекс эки кабаттан турат. Имараттын жалпы аянты – 1 756,20 м², жер тилкесинин аянты – 0,49 га.

Комплексте төмөнкү бөлмөлөр каралган: процедуралык кабинет, медициналык бөлмө, изолятор, гардероб жана душ кабиналары, кийим чечүүчү жайлар, телескопиялык трибуналары, күрөш залы, машыгуу залы, машыктыруучулардын кабинети, жетекчилик үчүн бөлмөлөр, санитардык түйүндөр жана коридорлор бар.

Курулуш иштерин «Лидер Хаус» ЖЧК подряддык уюму аткарган.

Долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылды.

Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин ачылышы – Бишкек шаарынын спорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү дагы бир маанилүү кадам болуп эсептелет.

Бул комплекс борбордун тургундарына заманбап шарттарда спорт менен машыгууга, ден соолугун чыңдоого жана активдүү эс алууга мүмкүнчүлүк берет.