Бүгүн 19-декабрда Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунда 750 окуучу орунга ылайыкталган мектепке мезгил кутусун салуу аземи өттү.

Иш-чарага калаа башчысы Айбек Джунушалиев, Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана конуштун тургундары катышты.

Шаар мэри жаңы мектептин түптөлүшү менен куттуктап, бардык тиешелүү шарттар менен камсыздалаарын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө борбор калаада мектеп жана бала бакчалардын жетишсиздиги курч маселелердин бири. Өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосу жана тапшырмасы менен шаарыбызда мектеп жана бала бакчалар, социалдык объектилер курулуп, келечек ээлеринин татыктуу билим алуусу үчүн шарттар түзүлүүдө. Акыркы үч жылдын ичинде борбор калаабызда 16 бала бакча, 18 мектеп  курулуп, жалпысынан 15 миңге жакын баланы камтыды. Биз балдарга бактылуу балалык менен бирге аларга татыктуу билим жана тарбия беришибиз, алардын келечеги үчүн бардык шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүбүз керек.

Бүгүн жаңы түптөлүп жаткан мектеп 750 окуучуга ылайыкталган жана балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздалат. Келечекте бул билим уясынан биздин байлыгыбыз болгон балдарыбыз татыктуу билим алып, мыкты адистер, ар кесиптин ээлери тарбияланып, өлкөбүздүн, шаарыбыздын өнүгүшүнө чоң салым кошот деп терең ишенем" деди калаа башчысы.

Долбоор боюнча мектеп 3 кабаттуу окуу корпус, 4 блоктон турат. Мектептин архитектуралык планында негизги окуу класстардан тышкары химия жана физика лабараториясы, компьютердик класстар китепкана, китеп сактоочу жайы, китеп окуу залы, ашканасы менен курулат. Ошондой эле, балдарды ар тараптан өнүктүрүүгө металл жана жыгач, кездемелерди иштетүү бөлмөлөрү, аскерге даярдоочу класстар, курал жарактарды сактоочу жайы, стоматология, дарыгердин бөлмөсү, валейбол, баскетбол жана гимнастика үчүн машыгуу залдары да каралган. Объекттин жалпы аянты 6495 чарчы метрди түзөт.