Бишкекте үч социалдык объекттин – Ак-Босого, Калыс-Ордо жана Келечек конуштарында жаңы бала бакчалардын салтанаттуу ачылышы өттү.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ак-Босого жаңы конушундагы №24 бала бакчанын ачылыш аземине катышып, ошол эле учурда дагы эки мектепке чейинки билим берүү уюму-Калыс – Ордо конушундагы №29 бала бакчасы жана келечек конушундагы №27 бала бакчасы өз эшигин ачты.
«Бала бакчалардын ачылышы – бул келечекке жасалган жакшы кадам, жаш муундардын өнүгүшүнө кошулган баалуу салым десек болот. Анткени, балдар бул жерден биринчи билим алып, инсандык дараметтерин ачып, дүйнөнү таанып-билүү үчүн алгачкы кадамын ташташат», - деп белгиледи мэр.
Бардык мектепке чейинки балдар мекемелеринде уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, музыкалык бөлмөлөр, медициналык бөлмөлөр каралган. Аймактар көрктөндүрүлүп, заманбап балдар аянтчалары менен жабдылган.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун алкагында бала бакчалар жылма керебеттер менен жабдылып, мекемелердин кубаттуулугу жогорулап, көбүрөөк балдардын билим алуусуна шарт түзүлдү.
Үч бала бакчанын жалпы сыйымдуулугу 780 орунду түзөт.
Үч жаңы бала бакчанын ачылышы Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болду.
Бул мекемелер балдар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүп, алардын сапаттуу билим алуусуна жана өнүгүүсүнө шарт түзөт.