Шаардык муниципалитеттин жыйындар залында КМШга мүчө мамлекеттердин Ачык балдар Дельфий оюндарын өткөрүүнүн жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын маданият кызматкерлеринин күнү урматына арналган сыйлоо аземи өттү.
Салтанатка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Кыргыз Республикасынын Дельфий комитетинин төрагасы Анарбек Ибраев катышты.
Бишкек шаарынын мэри маданият жана искусство кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, борбор калаанын маданий турмушун өнүктүрүүгө салым кошкон адистерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал КМШга мүчө мамлекеттердин Ачык балдар Дельфий оюндарын уюштурууга активдүү катышкан кызматкерлердин эмгегин өзгөчө белгиледи.
«Сиздер талыкпаган эмгек менен биздин маданиятыбыздын нукура рухий байлыгын сактап, аны байытууга зор салым кошуп жатасыздар. Сиздердин кесипкөй ишмердигиңиздер, маданияттуулуктун туу чокусуна болгон умтулууңуздар жана аны башкаларга таратуудагы талыкпаган эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем», – деди калаа башчысы.
Ошентип, жемиштүү эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн маданият тармагынын кызматкерлери күмүш төш белги, кол саат баалуу белеги, Ардак грамота жана Бишкек шаарынын мэриясынын Ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Андан тышкары, мэр Айбек Джунушалиев КМШга мүчө мамлекеттердин Ачык балдар Дельфий оюндарын уюштурууга көмөк көрсөтүп, жемиштүү кызматташтык үчүн адистерге, уюмдарга, мекемелерге жана өнөктөштөргө сыйлыктарды тапшырды.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Дельфий комитетинин төрагасы Анарбек Ибраев дагы Дельфий комитетинин Ыраазычылык каттарын тапшырды.
«Мен мугалимдерге, насаатчыларга, уюштуруучуларга, ыктыярчыларга жана жаш таланттарыбызды ушул ийгиликтерге жетүү жолунда колдоо көрсөткөндөрдүн баарына терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин эмгегиңиздер көп учурда көшөгө артында калат, бирок эмгегиңиздер маанилүү жана баа жеткис. Балдарды шыктандырып, аларга билим гана эмес, искусствого болгон сүйүүсүн да тартуулап, алардын жөндөмдүүлүктөрүн ачып, жаңы бийиктиктерге жетүүгө көмөктөшүп келесиздер», – деп белгиледи төрага Анарбек Ибраев.