Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилиги менен бирге социалдык объектилердин курулушунун жүрүшүн текшерип, ошол эле учурда жергиликтүү калк менен, анын ичинде райондун Экинчи Элдик Курултаынын делегаттары менен да жолугушуу өткөрүүдө.

Бул жолу борбор калаа башчысы "Көк-Жар" конушундагы Молдокулов көчөсүндөгү үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Бул долбоорду сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Ошондой эле Октябрь районунан келген Экинчи Элдик Курултайдын делегаттары жана тургундар менен жолугушуу болду.

Шаардыктар социалдык объектилер, транспорт, жер тилкелери, мыйзамсыз курулуштар ж.б. суроолорду беришти.

Борбор калаанын мэри бардык суроолорго жооп берип, кызматтарга маселелерди жеринде кошумча чечүүнү тапшырды.
Андан соң муниципалитеттин өкүлдөрү Свердлов районундагы «Алга» спорт комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

А.Джунушалиев  жеринде шаардыктарды угуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө Молдокулов көчөсүндөгү борбордо вентиляция, өрт сигнализациясын орнотуу жана электр монтаждоо иштери аяктады. Эшиктер орнотулууда, подъезддеги тепкичтерге бетон куюлууда. Биринчи жана экинчи кабаттардын ички жасалгалоо иштери аяктап жатат.
Поликлиника 5 унаасы бар тез жардам станциясы менен 150 кайрылууга ылайыкталган. Жалпы аянты 2607,9 м2.
Имаратта дарыгерлердин кабинеттери, электрокардиограмма, ультра толкундуу изилдөө, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, стерилизация бөлмөлөрү, ванна бөлмөлөрү бар. Биринчи кабатта тез жардам станциясы, ошондой эле унаа токтотуучу жай жана унаа жуучу жай каралган.

Учурда «Алга» спорт комплексинин аймагында чыгыш жана батыш тарабына кумдук тосмолорду орнотуу иштери аяктап, түндүк тарабына габион орнотулду. Спорттук-эс алуу комплексинин (ФРК) имаратынын пайдубалынын чуңкуру казылды. Чыгыш жана батыш трибуналары-нын конструкцияларын бетондоо иштери журуп жатат.

Скважинаны бургулоо, 200 м³ суу сактагычтын курулушу аяктады. 90х60 метрлик эки футбол аянтчасына жасалма газон төшөлгөн. Долбоор мамлекеттик экспертизадан өтүп жатат.

Мындан тышкары, электр кабелдери, канализация жана суу түтүктөрү аянтка орнотулган. Чуркоо жолуна асфальт төшөлгөн эки катмар (7 см жана 4 см) төшөлүп, резина каптоо аяктады. Эки трибунанын курулушу 90% га аткарылды.