Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиевдин катышуусунда «Жал» жана «Шаарооруканасы» жаңы газ отканаларын ишке киргизүү аземи өттү.

Көп кабаттуу үйлөрдү жана орто "Жал"  керектөөчүлөрүн жылуулук энергиясы менен камсыз кылган "Ротор" отканасында жүктү азайтуу максатында "Жал" буу казанына 2 түрк өндүрүшүндөгү кубаттуулугу 5200 кВт болгон "Мимсан" газ буу казандары орнотулуп, 725 метр жылуулук трассасы тартылды.

Кошумча от казандарды орнотуунун натыйжасында 19 көп кабаттуу үй жана Эне жана баланы коргоо борборунун 2 имараты сапаттуу жылуулук энергиясын алат.

Ысык суу менен камсыз болгондордун саны 1539. Өздүк эсеп менен 1039.

"Шаарооруканасы" буу казанынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында кубаттуулугу 5200 кВт болгон "Мимсан" компаниясынын эски буу казанын жаңысына алмаштыруу жүргүзүлгөн.

"Шаарооруканасы" отканасынын жалпы өндүрүмдүүлүгү 6,28 Гкал/саатты түзөт, ал эми жыл ичинде газды үнөмдөө болжол менен 202,58 миң м3 түзөт, башкача айтканда, 5 миллион сомго жакын каражат үнөмдөлөт.