Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармонияда мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын катышуусунда өттү.

Программанын алкагында “Жүрөгүмдү балдарга арнайм-2024” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Биринчи орундарды   Мыктыбек кызы Жаңыл-Мырза, Рыскелдиева Атыркүл Зарылыковна, Бекбоева Бермет, Таалайбекова Айгүл, Ашырбеков Алдияр, Калтаева Чолпон, Каримджан уулу Шухрат, Төлөгөнова Индира, Тойчуулубеков Жакшылык, Замирбек уулу Ырыскелди, Күрөңкеев Бактияр,  Кененбаева Алина, Асыкбаева Асел, Кубаталиев  Насип, Дүйшөналиев Жумабек, Сулайманова Аида алышып, аларга 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.

2-орунга ээ болгон сынактын катышуучулары 80 миң сомдук сертификатка ээ болушту, алар төмөнкүлөр: Осмоналиева Кымбат, Керимова Асел, Абдыкарова Алтынай, Асанкожоева Назира, Апышов Алтынбек, Эмилбек кызы Фарида, Алчинова Айгүл, Абдуллаев Өмүрбек, Усупбек кызы Бурул, Олжобаева Ширин, Черванева Зинаида, Жакыпова Асел.

3-орунга 60 миң сомдук сертификатты: Абдыракманова Нургыз, Камчыбек кызы Айдай, Хайдаров Курманбек, Темирова Элес, Имангазиев Эрмек, Турусбекова Алина, Исаева Жаңыл, Исмаилова Мээримгүл, Аймамбетова Мээрим, Рыспекова Раймахан алышты.

Борбор калаанын мэриясы жалпы мугалимдерди майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук жана бакубатчылык, чыгармачылык ийгиликтерди каалайт!