Бүгүн, 1-октябрда  Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында КМШга  мүчө  мамлекеттердин  балдар Дельфий оюндарынын салтанаттуу ачылышы  өттү.

Бул маанилүү иш-чаранын алкагында Шериктештик өлкөлөрүнөн жаш таланттар Кыргызстандын борборуна өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүү жана өз өлкөлөрүнүн маданий мурастары менен бөлүшүү үчүн келишкен.

КРнын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева иш-чаранын ардактуу коноктору жана катышуучулары үчүн КР Президенти Садыр Жапаровдун атынан кайрылуу окуду.  

"Дельфий оюндары жөн гана атаандаштык эмес, бул искусство жана маданияттагы жетишкендиктерин көрсөткөн таланттуу балдар үчүн уникалдуу жолугушуу аянтчасы. Азыркы мезгилде элдердин ортосундагы маданий байланыштар барган сайын маанилүү болуп баратат жана дал ушундай иш-чаралар өлкөлөр менен элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту чыңдоого жардам берет. Урматтуу катышуучулар, сиздер – биздин келечегибиз, бүткүл дүйнөлүк маданияттын келечегисиздер", - деп белгиледи өлкө башчысынын  кайрылуусунда.

Ошондой эле быйылкы жылы КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясына төрагалык кылган Россия Федерациясынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Вакунов Сергей Иванович Россия Федерациясынын Президенти Владимир Владимирович Путиндин атынан куттуктоо сөзүн окуду.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев эл аралык Дельфи комитетине ыраазычылык билдирип, катышуучуларга ийгилик жана эргүү каалады.

"Бүгүн биздин борбордо 500дөн ашык чыгармачыл балдарды бириктирген көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин алгачкы балдар Дельфий оюндары башталууда.
Оюндарга катышып жаткан конкурсанттар бүгүнкү сынакта өз өлкөсүнүн атынан чыгуу мүмкүнчүлүгүн багындыруу үчүн узак  жолду басып өтүштү", - деп баса белгиледи борбор калаанын башчысы.


Оюндар конкурстук жана фестивалдык программаларды, алардын ар бири ар кандай көркөм багыттарды камтыйт.
Конкурстук программа төмөнкү номинациялардан турат:
- пианино;
- скрипка;
- классикалык гитара;
- көркөм сүрөт искусствосу;
- эстрада ыры;
- элдик бий;
- ырдоо;
- ди-джей.
Фестивалдын программасы төмөнкү номинациялардан турат:
- элдик аспаптар;
- көркөм кол өнөрчүлүк;
- жаңдоо тилиндеги ырлар.

Дельфий оюндары 2024-жылдын  5-октябрына чейин уланат, анда катышуучулар атаандашып гана тим болбостон, тажрыйба алмашып, бири-бирин жаңы чыгармачылык жетишкендиктерге шыктандырат.