Борбор калаанын “Чыгыш-5” кичи районундагы №59 “Баластан” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде  капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Бала бакчаны  капиталдык оңдоо иштерин Бишкек шаарынын  мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзгөн.

Аймактын жалпы аянты 11 400 м2, имараттын аянты 3 400 м2.
Имарат 2 кабаттуу, жертөлөсү бар. Ошондой эле: спорт зал, кийинүү бөлмөсү, оюн бөлмөсү, уктоочу бөлмө, ашкана, медициналык кабинет, мугалимдер бөлмөсү, кыргыз тил кабинети, методист кабинети, ыр жана музыка бөлмөсү, STEAM билим берүү бөлмөлөрү каралган. Бала бакчанын аймагы көрктөндүрүлгөн жана  11 аянтча бар.

Белгилей кетсек, бала бакчаны жабдуу заманбап технологияларды колдонуу менен ишке ашырылган.

Подрядчы — «Аргын курулуш» ЖЧКсы.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүүгө багытталган буйругунун алкагында балдар бакчасында экологиялык таза футон керебеттер (жылма керебеттер) орнотулду. Бул кошумча бош мейкиндикти түзүүгө жана мекеменин сыйымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Эсептелген 420 баланын ордуна бала бакча 600-700 тарбиялануучуну кабыл ала алат.