Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Каражыгач токоюнда уюштурулган иш-чарага катышты.

Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун ачык асман алдындагы музейин жана фотогалереясы уюштурулду, анда иш-чаранын коноктору аймактын тарыхы жана маданий мурастары менен тааныштырылды.

Борбордук фонтандын тегерегине чыгармачылык аянтча да даярдалды, анда мольберттер, чиймелер тартылган сүрөттөр коюлган.

Шаар башчысы шаар тургундарын куттуктап сөз сүйлөп, борбор калаадагы масштабдуу иштерге токтолду.

Музыкалык коллективдердин катышуусу менен майрамдык концерт уюштурулду;

Ар кандай мастер-класстар;

Байдарка тебүү – бул суу спортун сүйүүчүлөр үчүн кызыктуу оюн;

Балдар жана чоңдор үчүн спорттук оюндар - активдүү мелдештер жана кызыктуу таймаштар;
Ар түрдүү тамак жана суусундуктар бар тамак-аш зонасы, анда ар бир адам өзүнүн табитине ылайыктуусун таба алат.

Андан ары мэр А.Дж.Джунушалиев, Октябрь районунун акими Ж.А. Орозалиев жана Көк-Жар айылынын ардактуу атуулу А.Ж. Жумагулов Көк-Жар айылындагы сейил багын салтанаттуу түрдө ачты.

Иш-чарага шаардык жана райондук түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, Бишкек шаарынын тургундары катышты.

Жеринде маданий, эс алуу, оюн-зоок, ден соолукту чыңдоо жана спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.

Кыргыз эстрада жылдыздарынын, Шайыр-Балалык балдардын чыгармачылык борборунун катышуусунда концерт уюштурулуп, түрдүү мастер-класстар өткөрүлдү.

Спорт аянтчасында райондун тургундарынын арасында футбол, аркан-тартыш жана кол күрөш боюнча мелдештер болуп, баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле 2 боз үй тигилип, анда тургундарга улуттук тамак-аштар коюлган дасторкон даярдалды.