Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиевдин катышуусунда Б.Осмонкул көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги “Батыш-1” жылуулук магистралына жаңы насостук станциянын курулушуна капсула салуу аземи өттү.

Айбек Джунушалиев белгилегендей, жаңы насостук станция Бишкек шаарынын борбордук жана батыш аймактарын жылуулук менен камсыздоонун туруктуулугун камсыз кылып, сапатын жакшыртат.

«№3 насостук станция 1990-жылдардан бери жылуулук менен камсыздоо схемасына киргизилген жана бүгүнкү күндө курулуш иштери башталганын кубануу менен билдиребиз. 30 миңге жакын абонент жылуулук менен камсыздоо жакшырганын сезе алышат», - деди ал.

«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын директору Уран Райымбеков насостук станция шаардын жылуулук менен камсыздоо системасынын негизги звеносу болуп, гидротехникалык режимди кыйла жакшыртып, бул аймактарда жылуулук менен камсыздоо ишенимдүүлүгүн жогорулата турганын кошумчалады.

«Биз ушундай маанилүү долбоорду ишке ашырууга катышканыбызга сыймыктанабыз. Биздин адистер курулуштун ар бир этабын көзөмөлдөп, иштин жогорку сапатына жана станциянын узак мөөнөткө иштешине кепилдик беришет», - деп кошумчалады У.Райымбеков.

Долбоор CRBC жана «Технотоп» ЖЧКсынын консорциуму тарабынан ишке ашырылууда.

Долбоордун алкагында Б.Осмонкул көчөсүн бойлой 5,5х5,2 метр узундугу 120 метрди түзгөн өтмөк каналынын курулушу камтылган, ал жерге диаметри 1000 мм болгон төрт катар жылуулук тармагынын түтүктөрү төшөлөт.

Жаңы насостук станцияда ар биринин кубаттуулугу 2500 м³/саат болгон сегиз насос болот.

Мындан тышкары долбоордо трансформатордук көмөкчордон, ошондой эле жээкти коргоо иштери каралган.