Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда тургундар менен жолугушуу болуп өттү.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Баймурза Маатов, шаардык жана башка түзүмдөрдүн жетекчилери катышты.
Көбүнчө жарандар турак жай-коммуналдык чарба, транспорт, социалдык маселелер ж.б боюнча суроолорду беришти.
Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү.
Жыйындын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев кайрылуулар боюнча иш-чаралардын планы түзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.
Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэри шаардык кызматтардын жетекчилерине көтөрүлгөн маселелерди мыйзамда белгиленген тартипте кароону тапшырды.