Бишкек шаарында 10-эл аралык йога күнүнө карата масштабдуу иш-чара өттү.

Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Индия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шри Арун Кумар Чаттерджи катышты.

Йога күнүн майрамдоо эки компоненттен турду: Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеядагы массалык йога машыгуусу жана маданий программа.

Шаардыктар жана борбордун меймандары байыркы физикалык жана рухий практикага кошулушту. Алар тажрыйбалуу инструкторлордун жетекчилиги астында йога көнүгүүлөрүн жасашты.

Иш-чара Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган.

Иш-чаранын максаты - жарандарды сергек жашоого жана активдүү эс алууга тартуу.

Маалымат үчүн: Йога – дене менен рухтун биримдигин камтыган байыркы индиялык салт. Йога ден соолук жана жыргалчылык үчүн комплекстүү мамилени камсыз кылат жана азыр дүйнө жүзү боюнча популярдуу.