Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтар менен биргеликте жолдордун капиталдык оңдоо иштерин текшерди.

Борбор калаанын башчысы Ахунбаев көчөсүнүн Манас проспектисинен Малдыбаев көчөсүнө чейинки ремонтун текшерди.

«ДорСтрой Групп» ЖЧК подрядчысы бул участоктогу иштерди 2024-жылдын 15-июнуна чейин бүтүрүүгө милдеттенди. Асфальттын биринчи катмары жарым-жартылай төшөлгөн. Белгилей кетсек, подрядчы мөөнөттөн 10 күнгө алдыда.

Ошондой эле Байтик Баатыр көчөсүндөгү Ахунбаев көчөсүнөн А.Токомбаев көчөсүнө чейинки иштердин жүрүшү да текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жолдорду сапаттуу оңдоо, дизайн кодун сактоо, интернет-кабелдерди шайкеш келтирүү ж. б. боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Ошол эле учурда Айбек Джунушалиев чарба субъекттеринин ээлерине милдеттүү түрдө билдирүү зарылдыгын эскертти.