Бүгүн, 2024-жылдын 1-июнунда Биринчи май районундагы Пригородное мектебинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык концерт болуп өттү.

Иш-чара “Наристе - 2024” төртүнчү эл аралык балдар фольклор фестивалынын алкагында өттү.

Түштүк Кореядан, Түркия Республикасынан, Монголиядан, Сербия Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Санкт-Петербург шаарынан, Башкыртстан Республикасынан, Калмыкия Республикасынан, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан келген делегаттар өздөрүнүн чыгармачылык өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Өз кезегинде борбор калаанын мектеп окуучулары өз таланттарын тартуулашты.