Бишкек шаарында «Газпром-Балдар» спорттук-эс алуу комплексинин базасында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Жеткинчек» үчүнчү спартакиадасынын салтанаттуу ачылышы болду.

Ачылыш аземге Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамканов, КР Самбо федерациясынын вице-президенти Муратбек Арыстанбеков жана Күрөш Федерациясынын ыйгарым укуктуу өкүл Каныбек Жолчубеков катышты.

Белгилей кетсек, мелдештер 1-июндан 7-июнга чейин спорттун 7 түрү боюнча өтөт.

Иш-чаранын максаты – сергек жашоого үндөө жана балдарды жана өспүрүмдөрдү системалуу дене тарбия жана спортко тартуу.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбия концепциясын бекитүү тууралуу» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.