Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда  «Наристе-2024»  төртүнчү эл аралык балдар фольклор фестивалынын салтанаттуу ачылышы болду.

Иш-чарада «Наристе-2024»  фестивалына катышуучу өлкөлөрдүн парад-дефилеси жана жаркын номерлер менен спектакль көрсөтүлдү.

Түштүк Кореядан, Түркия Республикасынан, Монголиядан, Сербия Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Санкт-Петербург шаарынан, Башкортостан Республикасынан, Калмыкия Республикасынан өкүлдөр, Кыргызстандын 7 облусунан таланттар, Бишкек Ачык Дельфий оюндарынын жеңүүчүлөрү бир сахнага чогулду.

Фестивалдын алкагында Улуттук Дельфий комитеттеринин, CIOFF-Фольклордук фестивалдарды жана салттуу искусствону уюштуруу боюнча эл аралык кеңештин Азия-Тынч океан секторунун, Эл аралык маданияттар ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маданият, профессионалдык жана салттуу искусство жаатындагы эл аралык уюмдардын курамына кирген Марокко фестивалдары Экинчи Бишкек маданият форуму өтөт.

Белгилей кетсек, «Наристе» эл аралык балдардын фольклордук фестивалынын негизги максаты Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен тааныштыруу болуп саналат.