Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы капиталдык оңдоодон өтүп жаткан көчөлөрдү көрүп чыкты.

Алгач МинКаб башчысы Акылбек Жапаров, И. Ахунбаев көчөсүнүн Ч. Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан иштер менен таанышты. Капиталдык оңдоо 4 этап менен ишке ашат. Учурда жолдун Ч.Айтматов көчөсүнөн А. Токтоналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылып, жол курулушу жүрүп жатат.

Андан соң, Акылбек Жапаров Байтик Баатыр көчөсүндө жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштерин көрүп чыкты. Жалпысынан 8 этап менен ишке ашырылуучу оңдоо иштеринин, учурда  И.Ахунбаев менен А.Токомбаев көчөлөрү менен чектелген бөлүгү жабылып курулушу жүрүүдө. Ал эми жалпысынан 6 чакырым жолду жасоо үчүн 483,9 млн сом каралган.

МинКаб башчысы жолду сапаттуу жасоону ошону менен катар жол боюндагы электр мамыларындагы коммуникациялык зымдарды, жол боюндагы имараттардын сырткы фасадын бир типтүү ирээтке келтирүү боюнча жумуштарды дыкат аткарууну тапшырды.

Андан ары Министрлер Кабинетинин Төрагасы Жукеев-Пудовкин көчөсүн узартуу иштерин көрүп чыкты. Маалым болгондой 950 метр түзгөн бул жолду куруу, көп кабаттуу үйлөрдү курган курулуш компаниялары менен биргеликте ишке ашууда. МинКаб башчысы мындан ары шаар ичине көп кабатуу үй курууга ниеттенген жеке компанияларга уруксаат берүүдөн мурда, алардын милдеттерин, анын ичинде коммуникациялык байланыштар түзүү, сырткы фасад боюнча талаптарды так коюну тапшырды.  

Ошондой эле МинКаб башчысы Эркиндик бульварын реконструкциялоо иштеринен кабар алды. Учурда бардык авариялык бактар, эски бордюрлар демонтаждалды, ошондой эле тротуарлардын жабдуулары толугу менен алынып салынып, жаңыдан жасалууда.  

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Бишкек шаардык мэриясына, капиталдык ремонттоо иштери жүрүп жаткан көчөлөрдү өз убагында сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

“Бардык күчтөрдү мобилизациялап, күнү түнү иш ыргагын токтотпостон тез аранын ичинде жабылган жолдор сапаттуу оңдоодон өтүп, ачылышы керек. Бул иш шаардыктарга узак убакыт боюу ыңгайсыздык жаратпоого тийиш”-деди Акылбек Жапаров.