Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте капиталдык оңдоо үчүн жабылган көчөлөрдүн бөлүктөрүндө жол куруу жумуштарынын жүрүшүн текшерди.

Учурда И. Ахунбаев көчөсүнүн Ч.Айтматов көчөсүнөн А. Токтоналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү, Байтик-Баатыр көчөсүнүн А. Токомбаев менен А. Сүйөркулов көчөлөрү менен чектелген бөлүгү капиталдык оңдоого байланыштуу жабылган.

Калаа башчысы жолду оңдоого тоскоол болгон объектилерди ирээтке келтирүүнү жана жашыл аймактарга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Ошондой эле жол куруу иштерин тездетүүнү жана жумушту эки нөөмөт менен жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарылчылыгын белгиледи.

"Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасына жол боюндагы куураган дарактарды алып салуу жана аларды жалбырактуу дарактар менен алмаштыруу боюнча тапшырма коюлду.

Аталган көчөлөрдө капиталдык оңдоо акыркы ирет 2001-2003-жылдары жүргүзүлгөн. Андан бери эксплуатация мөөнөтүнөн бир нече эсе ашык колдонулгандыктан, жолду реаблитация кылуу боюнча чечим кабыл алынган.

Капиталдык оңдоонун алкагында жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыртылып, айрым тилкелер кеңейтилет. Жолдун үстүнкү катмарына майдаланган таш мастик асфальт төшөлөт.

Байтик Баатыр көчөсү А.Токомбаев  көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, ал эми И. Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен тартып Жукеев-Пудовкин  көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.
Ошондой эле, 10-июндан тарта Чүй проспектисин Манас проспектисинен Т. Айтматов көчөсүнө чейин капиталдык оңдоонун биринчи этабы башталат. (Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин)
Бишкек шаарынын дагы 3 негизги көчөсүндө жолду реабилитациялоо пландаштырылууда. Жакынкы убакта төмөнкү көчөлөрдө жумуш башталат:
М. Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;
- Б. Юнусалиев көчөсү Сухэ-Батор көчөсүнөн М. Горький көчөсүнө чейин;
- Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өтөт жана кеңейтилет.