Бүгүн, Улуттук филармонияда Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясынын  35 жылдыгына карата иш-чара  өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Самыйкожо, БШКнын  төрагасынын орун басары Токтосун Султанов, ошондой эле мектептин ата-энелери жана мугалимдери катышты.

Бул билим берүү мекемеси борбордогу алдыңкы мектептердин бири. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт, бирок немец жана кытай тилдери да тереңдетип окутулат.

Конокторго мектептин окуучуларынын жана мугалимдеринин катышуусунда концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, №69 мектепте 3400 бала билим алып, 210 мугалим эмгектенет.