Бүгүн, 29-апрелде  Т.Усубалиев атындагы аянтта  Бишкек шаарынын күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.

Бишкектин  күнүн белгилөөгө борбор калаанын тургундары жана коноктору менен бирге борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, мэрдин орун басарлары, райондордун  акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери келишти.

«Ар бириңиздер өзүңүздөр жашап жана иштеп жаткан Бишкек шаары менен сыймыктана тургандай,  көз жоосун алган кооз, таза жана меймандарга  жайлуу, жакшы маанайда эс алуу үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Сүйүктүү борбор калаабызга анын жашоочуларына бакубаттык, ар бир үй-бүлөгө байгерчилик, бейпилдик жана жакшылыктарды каалайм. Бишкек  шаарыбыз көрккө бөлөнүп, алгалап  өнүгө берсин!», - деп белгиледи калаа башчысы.

Майрамдык концерт борбор калаанын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун концерти менен башталды.

Майрамдык иш-чаранын кульминациясы «ВАЛЬС КЕЧЕСИ» фестиваль-конкурсу болду, ал Mezzo Forte оркестринин концерти менен уланды.

Майрам кыргыз эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен аяктайт.

Бишкек шаарынын күнү менен, урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору!