Борбор калаанын Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата митинг -реквием өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Жогорку Соттун Төрагасы Замирбек Базарбеков, Кыргыз Республикасынын статс-катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, тыл эмгекчилери, эмгек ардагерлери, ошондой эле Бишкек шаардык аскер гарнизонунун аскер кызматчылары жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын катышуучулары курман болгондорду бир мүнөттүк унчукпай эскерип, Өчпөс отко гүл  коюшту.

Андан ары ардагерлер үчүн салттуу талаа ашканасы - жоокердик ботко уюштурулду.

Маалымдама: 2023-жылдын 1-майына карата Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү органдарында каттоодо тургандар: 4 Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, 12 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 8 концлагердин жашы жете элек туткундары, 8 блокаданын катышуучулары, Ленинграддан 102 тыл эмгекчилери, Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон жоокерлердин 2 үй-бүлөсү, согушта курман болгондордун  255 жесири.