Шаардык муниципалитетте Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасы өткөрүлдү.

Калаа башчысы катышуучуларды шаар күнү менен куттуктап, Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкү шаар тургундарына Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата “Бишкек 145” мааракелик медалдарын тапшырды.

Чотбаев Абдыгул Абдрашитович - КР генерал-полковниги,  Бишкек шаарынын ардактуу атуулу, муниципалдык кызматтын отличниги, көптөгөн медаль, орден, наамдардын ээси;
Лев Алексеевич Васильев - Кыргыз Республикасынын өнөр-жайдын эмгек сиңирген ишмери, Бишкек шаарынын экс-депутаты, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу;
Суранчиев Абдылда Шергазиевич  - КР генерал-майору,  Бишкек шаарынын ардактуу атуулу, «Даӊк» медалынын ээси;
Жангарачева Мира Камильевна - Мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча экс-вице-премьер-министри, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу;
Кулбаев Абдирейим Стамкулович - КР ардактуу куруучусу, 1996-2003 ж. Бишкек шаарынын биринчи  вице-мэри, КР Жогорку Кеӊешинин экс-депутаты;
Муралиев Амангельды Мурсадыкович - 1988-1991 жж. Бишкек шаарынын экс-мэри. Бир катар ойлоп табуулардын жана рационализатордук сунуштарынын автору, алардын көпчүлүгү өндүрүшкө киргизилген, «СССРдин ойлоп табуучусу» деген наамга татыктуу болгон;
Момбекова Жыргал Канаевна - Профессор, тарых илимдеринин кандидаты, Эл агартуунун отличниги, КР ардак грамотасынын ээси, “Эне” кайрымдуулук фондунун төрайымы;
Султанбаев Абдыкадыр Дарданович - КР журналисттер союзунун төрагасы, КР Билим берүү отличниги, КР Маданиятына эмгек сиӊирген ишмер;
Болджурова Ишенгуль Садыковна - Профессор, «Даӊк» медалынын ээси,  КР Билим берүүсүнө эмгеги сиӊирген ишмер, КР Билим берүү жана илим экс-министри, көптөгөн ардак грамоталардын, медальдардын ээси;
Суталинов Абдыбек Асанкулович - 1991-1992 жж. Бишкек шаарынын экс-мэри;
Ахмедов Якуб-бек Рахматович -Кыргыз Республикасынын ардактуу пенсионери, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу;
Осмонов Кыргызбай Арапбаевич - КР Эл артисти, КР эмгеги сиӊирген артист, КР Мамлекеттик кызматынын отличниги, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу;
Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович - КР мамлекеттик катчысы,  «Ардак белгиси» орденинин,   «Даңк» медалынын, «Мамлекеттик кызматтын мыктысы» төш белгисинин, көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын «Содружество» орденинин жана ошондой эле 30дан ашуун ведомстволук сыйлыктардын ээси,
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер, Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
Осмоналиев Каныбек - Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер,
КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;
Жумалиев Сардарбек - Композитор, дирижер.
Бишкек шаарынын гимнин музыкасынын автору, КР Эл артисти, А.Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты обончу-композитор, К.Орозов атындагы академиялык  эл аспаптар оркестринин дирижеру;
Урманбетов Кыялбек -Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Бишкек шаарынын гимнин сөздөрүнүн автору;
Бейшеев Мелис Ногойбаевич - Бишкек шаарынын ардагерлер кеӊешинин төрагасы, милициянын полковниги, көптөгөн медаль, ордендердин ээси;
Саалиев Жаныбек Токтосунович - Санитардык тазалоочу машинасынын айдоочусу;
Жумалиев Жаныбек Будешевич  «Бишкекжашылчарба» МИсинин башкы агроному;
Исабекова Любовь Капашевна - № 6 окуу-тарбия комплексинин география сабагы боюнча мугалими;
Керимакунова Джумагуль Деркембаевна - № 5 стоматологиялык поликлиниканын стоматолог дарыгери;
Алымкулова Батмакуль Бердибековна - Социалдык кызматкер;
Токтогулов Асылбек Токтогулович - Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын профсоюздук кыймылынын отличниги,  КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы;
Капарова Чынара Абдылдаевна - Журналист, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинин телерадиожурналистика кафедрасынын доценти, Бишкек шаарынан делегат, “Даңк” медалынын ээси, УТРКнын расмий өкүлү.