Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өттү.

Борбор калаанын тургундарын жана конокторун майрамы менен борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев куттукташты.

«Урматтуу борбор шаарыбыздын жашоочулары!

Кадырлуу коноктор! Сиздерди бүгүнкү эң сонун, жагымдуу керемет кечте  баарыбыздын сүйүктүү Бишкек шаарынын 145 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Борборубуз Бишкек шаарынын 145 жылдык мааракеси баарыбыздын жүрөгүбүздү толкутуп, көңүлүбүздү жаркыткан бир эле борбор калаанын эмес, бүткүл Кыргызстан үчүн дагы орчундуу  саясий-тарыхый орду бар  өзгөчө  кубанычтуу окуя.

Кылымдан ашуун мезгилдин аралыгында Бишкек шаары бир кездеги көзгө  анчалык урунбаган, кунарсыз чакан уезддик кыштакчадан азыркы кездеги заңгыраган, көк тиреген архитектуралык  жактан көрктүү, кооз имараттар  орун алган, маданий жана илимий потенциалы жайгашкан, республиканын  коомдук-саясий  жана экономикалык  абалына, өнүгүшүнө  олуттуу таасир тийгизген  ири калаага айланды.

Көп улуттуу эл жашаган Бишкек шаары - өлкөнүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий борбору катары жаңы рынок шартында,  өзгөрүүлөрдүн толкунунда жолун улап баратат.  Шаар жакшырууда жана жаңыланууда. Өткөн жыл шаарыбыз үчүн өзгөчө жемиштүү жылдардан болду. Шаардын архитектурасын кескин жакшыртуу, транспорт тыгындарын азайтуу, жол тармактарын  кеңейтүү,  айлана чөйрөнү таза сактоо, шаар тургундарынын жана меймандарынын керектөөсүн жана каалоосун жүзөгө ашыруу сыяктуу көп иштер аткарылды», - деп куттуктады мэр.

Шаар тургундарына комузчулардын дуэти, «Семетей» ыр-бий ансамбли, «Айбийке» бий ансамбли, «Эски шаар» жана «Элес» топтору, «Виллби» бий тобу, «Инсан» тобу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Кайрат Примбердиев жана Тилек Найманбаев,  Гүлнур Сатылганова, Александр Волкодав, Аяна Касымова ж.б. көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты.