Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаарынын 145 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара КР статс-катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун Жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин катышуусунда өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө юбилейлик медалдарды тапшыруу аземи өтүп, медалдар менен төмөнкүлөр сыйланышты:

- Керимкулов Медетбек Темирбекович - мамлекеттик жана саясий ишмер, Бишкек шаарынын экс-мэри, эмгек сиңирген куруучу, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу;
- Васильев Лев Алексеевич - Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, Бишкек шаарынын экс-депутаты, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу;
- Түмөнбаева Жаңыл Түмөнбаевна — советтик жана кыргыз мамлекеттик ишмери, Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри, Кыргыз ССР Жогорку Советинин экс-депутаты, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу;
- Жангарачева Мира Камильевна - мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча экс-вице-премьер-министри, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу;
- Жумагулов Апас Жумагулович - мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз ССР Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри, дипломат, академик, профессор, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу;
- Молдобаев Аскар Молдобаевич - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу;
- Куликова Галина Александровна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, билим берүүнүн отличниги, Бишкек шаарынын экс-вице-мэри, дипломат, коомдук ишмер;
- Кененбаев Болот Осмонович - коомдук ишмер, Ысык-Ата мамлекеттик администрациясынын экс-жетекчиси;
- Искаков Салават Турдуходжаевич - Кыргыз Республикасынын байланышка эмгек сиңирген ишмери, Фрунзе шаарынын экс-мэри;
- Мамытов Миталип Мамытович - советтик жана кыргыз нейрохирургу, медицина илимдеринин доктору, КММАнын неврология жана нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;
- Матубраимов Алманбет Матубраимович - мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл өкүлдөр жыйынынын экс-төрагасы, Кыргыз Республикасынын экс-вице-премьер-министри.

Андан соң бардык конокторго улуттук эстрада жылдыздарынын, «Доор» фольклордук-этнографиялык ансамблинин, «Семетей» бий ансамблинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестринин жана Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын студенттеринин концерти тартууланды.