Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги жана эл аралык донордук уюмдардын өкүлдөрү жаңы курулуп жаткан канализациялык коллектордун курулуш иштери менен таанышып чыгышты.

Иш-чарага Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер,  Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча аймактык жетекчиси Айтен Рустамова, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышышты.

Азыркы учурда Пригородное айылындагы тазалоочу курулмалардан Ахунбаев - Бакаев  көчөлөрүнө чейинки канализациялык коллектордун 6 тилкеге бөлүнгөн маршруту боюнча курулуш иштери жүрүп жатат.

Курулуш тез темп менен жүрүп жатат: буларга траншеяларды куруу боюнча жер жумуштары, түтүктөрдү орнотуу үчүн негиз даярдоо, фундаментти жана канализациялык камераларды куруу, тазалоочу жайларда кабыл алуучу камераларды куруу жана реконструкциялоо, ж.б. иштери кирет. Коллекторду тез арада ишке киргизүү зарылдыгын түшүнүү менен подряддык курулуш уюмдары этап – этабы менен дем алышсыз иш алып барууда, ал эми өтө көп иш талап кылган участоктордо - түнкү смена менен иштөөдө.

Апрелдин башына карата долбоор боюнча пландаштырылган 11 чакырымдан 8,3 чакырымы даяр болду. План боюнча жаңы канализациялык коллектордун курулушу ушул жылдын октябрь айында аякташы керек.

Канализациялык коллектор - бул татаал техникалык курулуш жана эгемендүүлүк жылдардагы баш калаада ишке киргизилип жаткан биринчи масштабдуу долбоор. Анын жардамы менен шаардын түштүк жана батыш тарабындагы социалдык объектилер, жеке жана көп батирлүү үйлөр канализация тармактарына коштурулат. Мындан тышкары, жогорку зона толугу менен канализацияга коштурулат, бул жер астындагы сууларды булгануудан сактоого мүмкүнчүлүк берет. Келечекте - шаардын жаңы райондорун канализация тармактарына кошуу пландаштырылууда.

Маалымдама:
Курулуп жаткан канализация коллекторунун жалпы узундугу 11 чакырым. Анын саркынды сууларды өткөрүү кубаттуулугу суткасына 100 миң куб метрди түзөт. Аны курууда диаметри 0,6 метрден 2 метрге чейинки темир-бетон түтүктөрү колдонулат. Коллектордун иштөө мөөнөтү 70 жылдан ашат.
Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жана Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланат. Долбоорго 8 млн евро бөлүнгөн, анын ичинен 3,5 млн евро – кредит, 4,5 млн евро – грант.