Бүгүн Чернобыль атомдук электр станциясындагы (ЧАЭС) аварияга 37 жыл толду. Бул окуяга байланыштуу Ю.Фучик атындагы сейил багында Чернобыль АЭСиндеги апаатты эскерүүнүн эл аралык күнүнө арналган иш-чара өттү.

Иш-чарага борбор калаанын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Светлана Кенжебаева, КР Коргоо министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Бактыбек Жапаров, «Бишкек шаардык коому» Чернобыль союзу» ардагерлер жана майыптар коомдук бирикмесинин төрагасы Тилек Өмүрбеков катышты.  

Митинг-реквиемдин катышуучулары курман болгондорду бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерип, Чернобылчылардын эстелигине гүл коюшту.

Учурда Бишкекте 241 Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты жоюучулар жана алардын жесирлери жашайт, анын ичинен 162 майыптар, 64 Чернобылдын катышуучуларынын жесирлери, 15 Чернобыль катышуучулары.

Эскерүү датасынын урматына Чернобыль АЭСинин майыптарына, жесирлерине жана Чернобыль АЭСинин катышуучуларына жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир жолку материалдык жардам төлөнөт. Бул максаттарга 1 миллион 660 миң сом каралган.