Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, Бишкек шаарынын Т.Усубалиев аянтында ыйык Орозо айт майрамына байланыштуу айт намазга катышты.

Мамлекет башчысы майрамдык айт намазды миңдеген кыргызстандыктар менен бирге, чогуу окуду.