Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында борбор калаанын мэринин жаңы жылдык балатысы өттү.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жаш бишкектиктерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады.

Балдардын жаңы жылдык «Жаңы Жылдын Жылдызы» спектаклине социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөн, жетим, жарым жетим, көп балалуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, окуунун отличниктери жана ар кандай сынактардын, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болгон 1 108  бала күбө болушту. Спектаклди «Таберик» балдар театрынын 250 жаш артисттери аткарышты.

Иш-чаранын аягында бардык балдарга таттуу белектер тапшырылды.

Мындан тышкары, билим берүү башкармалыгы үйүндө билим алып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды Бишкек шаарынын мэринин атынан куттуктап, белектерди тапшырат.