Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана мэр Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда Мурас-Ордо жаңы конушундагы 660 орундуу №99 мектептин ачылыш аземи болуп өттү.
Мектепте инженердик тармактарды орнотуу менен курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүп, аймагы көрктөндүрүлдү. Мектептин тегерегине тосмо орнотулду.
Мектепти «Ясин-Курулуш» ЖЧК подряддык уюму курган.
Мектептин курулушуна жана жабдылышына 135,7 миллион сом каражаты жумшалган.
Мурас-Ордо конушунда жашаган 1600 окуучунун билим алуусу үчүн 43 класс керектүү жабдуулар менен камсыздалды. Учурда 63 мугалим окуучуларга билим берүүдө.
Эске салсак, буга чейин Мурас-Ордо конушунун окуучулары Озерное айылындагы мектепте жана №86 орто мектепте барып билим алып келишкен.Окуучуларды ташуу үчүн «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын 3 автобусу тартылган.
Эми кичинекей бишкектиктер мектепке жөө барып, билим алышууда.