Фестивалдын катышуучулары түркүн түстүү кийимдери менен борбор калаанын мэриясынан Эмен паркына чейин жөө басышты.
«Ала-Тоо» кинотеатрынын алдындагы аянтчада Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда иш-чаранын салтанаттуу ачылышы болду.
Андан соң иш-чара майрамдык концерт менен уланып, шаардыктар үчүн көргөзмөлөр, мастер-класстар, оюндар көрсөтүлдү.
Иш-чаранын алкагында, Эл аралык Дельфий оюндарынын жеңүүчүлөрүнүн “Кийим дизайны. Мода" көргөзмөсү өткөрүлдү.