Бишкек шаарынын мэриясынын иш жумасы шаарды санитардык тазалоо менен башталды.
Бүгүн борбор калаа мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун демилгеси менен «Ош» базарынын 400 ишкери жана шаардык кызматтардын кызматкерлери «Ала-Арча» суусунун жээгин Айтматов проспектисинен Чүй проспектисине чейинки аралыгын тазалашты.
Дарыянын жээктерин желим бөтөлкө, чүпүрөк жана башка таштандылардан тазаладык.
Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн бардык жылдарында базарлардын ишкерлери шаардын санитардык тазалоосуна катышкан эмес.