Урматтуу шаар тургундары! Өлкөдө жана борбор шаарыбызда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева кайрадан күндүзгү стационарлардын даярдыгын текшерди.
Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун №96 мектебинин базасына 30 орун, Жал кичи районунун №95 мектебине 50 орун даярдалды.
Биринчи май районунда "Ак-Босого" конушу, Профессор Зима көч., 262 дарегиндеги №81 мектепте 40 орундуу, Айни көчөсү, 13 дарегиндеги №69 мектепте 120 орундуу стационар ачууга даяр.
Октябрь районунун аймагында №6 кичи районундагы №39 мектептин базасында ачылган стационар 50 орунга, №11 кичи районундагы №63 мектептеги стационар 40 орунга ылайыкташтырылган.
Свердлов районунда Огонбаев көчөсү, 207 дарегиндеги №4 мектепте 50 орундуу, №65 экологиялык-экономикалык лицейинин базасында 60 орундуу стационар даярдалды.
Кычкылтек концентраторлору жетиштүү, керек болгон учурда тез арада стационарларга жеткирилет.
Бардык стационарларда дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары камдалган.
Стационарлардын дарыгерлери COVID-19 жана пневмонияны дарылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык окутулат.
Урматтуу шаар тургундары! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Өзүңүздөргө жакшы караңыздар, өз алдынча дарыланбаңыздар!
Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!