Калаада жылытуу мезгилине даярдыктар көрүлүүдө, биринчи кезекте мектеп жана бала бакчаларда даярдыктар жүргүзүлөт.
Бул жолу социалдык саясат боюнча шаардын вице-мэр Виктория Мозгачева №120, №109, №140, №157, №94, №107 бала бакчаларын текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө В.Мозгачева дароо кемчиликтерди көрсөтүп, шаардык кызматтарга суук түшкөнгө чейин бардык маселелерди чечүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, бала бакчаларды күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин жүргүзүү Билим берүү башкармалыгына жүктөлгөн.
Бул багыттагы текшерүүлөр улантылууда.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!