Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары
Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүнө жана жашоо-тиричилигин камсыздоо тутумуна жетекчиликти жүзөгө ашырат.
Шаардык аймакты көрктөндүрүү, экология, жашылдандыруу, санитардык тазалоо, жетектеген багыттары боюнча жалпы шаардык долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу, шаардык коммуналдык реформаны, коммуналдык тейлөөнү жүзөгө ашыруу, катуу тиричилик калдыктарын сорттоо, кайра иштетүү жана көмүү, катуу тиричилик калдыктарын бөлүштүрүп чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү администрациялоо, катуу тиричилик калдыктардын шаардык таштанды жайын эксплуатациялоо жана күтүү, суу жабдуу жана суу агызып чыгаруу системаларынын натыйжалуу иштеши жана өнүгүшү жаатындагы пландарды аткаруу, муниципалдык лифт чарбасынын иштеши, коммуналдык чарба объекттеринин инженердик тармактарын орнотуу, жашоо-тиричиликти камсыздоо системаларынын коммуникацияларын өнүктүрүү, көрктөндүрүү объекттерин капиталдык оңдоону, оңдоону жана күтүүнү, өзгөчө кырдаалдарды алдын алууну жана жоюуну камсыздоо, жарандык коргонуу жана мобилизациялык резерв, жетектеген багыттары боюнча жалпы шаардык долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу маселелерин координациялайт, контролдойт жана жүргүзөт.
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен Бишкек шаарынын мэриясынын өз ара аракеттенүүсүн уюштурат жана ишке ашырат.
Өз компетенциясына кирген маселелер боюнча жетектеген багыттар боюнча комиссиялардын ишин жетектейт, анын ичинде эвакуация боюнча комиссияны башкарат, жумушчу кеңешмелерди өткөрөт, белгиленген компетенциясынын алкагында токтомдорду жана тескемелерди чыгарат.
Өз иш-аракетинде Бишкек шаарынын мэрине отчёт берет.
Бишкек шаарынын Биринчи май администрациялык районун жетектейт.
Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары иште жок мезгилде, анын милдеттери убактылуу Бишкек шаарынын мэринин жер пайдалануу, архитектура, курулуш, санариптештирүү, транспорт жана жол инфратүзүмү маселелери боюнча орун басарына жүктөлөт.
Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин чакырууга жана аларга тапшырма берүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
*Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаменти.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы.
«Тазалык» муниципалдык ишканасы.
«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы.
«Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасы.
«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы.
«Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун Бишкек шаардык телефондук тармагы.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы.
*Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгы.
Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизациялык резервдеги материалдарды сактоо кызматы.
«Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасы.