Байгончоков Мирланбек Конушбекович
  • Туулган күнү:
    25-09-1974
Билими:

1991-1995 - жылдары - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети “Финансы жана кредит” адистигин аяктаган.

Мамлекеттик кызматтын III даражадагы мамлекеттик кеңешчиси.

Иш тажрыйбасы:

1995-1999 - жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казынасынын кассалык операциялар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, башкы адиси;

1999-2000 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз жана активдер, төлөмдөргө мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын жетекчиси;

2000-2001 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын экономикалык натыйжалуулугун баалоо бөлүмүнүн жетекчиси;

2001-2004 – жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялык программа башкармалыгынын финансылык мониторинг бөлүмүнүн жетекчиси;

2004-2006 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялык программа башкармалыгынын жетекчиси;

2006-2007 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялык саясат башкармалыгынын мониторинг бөлүмүнүн жетекчиси;

2007-2009 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Тышкы жардамды жана эл аралык кызматташтыкты координациялоо башкармалыгынын жетекчиси;

2009-2010 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Бюджет кызматынын, тышкы экономикалык байланыштар кызматынын эксперт-жетекчиси;

2010 - жылы - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин инвестициялык долбоорлорду пландаштыруу жана ишке ашыруу башкармалыгынын жетекчиси;

2010-2020 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

2021-жылдын сентябрында - Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалган.

Бишкек шаарынын мэринин экономика жана финансы боюнча биринчи орун басары

Бишкек шаарынын финансы-экономикалык чөйрө комплексин жетекчиликке алууну жүзөгө ашырат.

Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын контролдойт.

Шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын жана стратегияларынын долбоорлорун иштеп чыгууну уюштурат; алардын ишке ашырылышын контролдоону жүзөгө ашырат, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун компетенциясынын чегинде мамлекеттик программаларды ишке ашырууну камсыздайт.

Финансы, салыктар жана жыйымдар, статистика, өнөр жай, тышкы экономикалык байланыштар, ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу, өнүктүрүү фондусу, камсыздандыруу төгүмдөрү, соода, кызмат көрсөтүүлөр жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, микрокредиттөө, ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуу таасирин талдоо,инвестициялык  саясат жана шаардын жашоо-тиричилик тутумунун иш-аракеттерин шаардык булактан каржылоо,  коммуналдык чарба чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө, сатып алууга шаардык тапшырыкты түзүү, жайгаштыруу жана каржылоо, инженердик инфратүзүмдү, маалыматтык технологияларды жана санариптештирүүнү өнүктүрүү, мобилизациялык резервди өнүктүрүү маселелерин координациялайт жана жүргүзөт; шаардын бюджетинин долбоорун даярдоону камсыздайт.

Бишкек шаарынын мэри тарабынан аныкталуучу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жалпы шаардык жана максаттуу программаларын, финансы-экономикалык саясатты ишке ашыруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондорунун, түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин (муниципалдык ишканалардын) иш-аракеттерин жетектеген багыттары боюнча контролдойт.

Бишкек шаарынын мэриясынын фискалдык органдар менен өз ара аракеттенүүлөрүн уюштурат жана жүзөгө ашырат.

Өз компетенциясына кирген маселелер боюнча жетектеген багыттары боюнча комиссиялардын ишин жетектейт, жумушчу кеңешмелерди өткөрөт, белгиленген компетенциясынын алкагында токтомдорду жана буйруктарды чыгарат.

Өз иш-аракетинде Бишкек шаарынын мэрине отчёт берет.

Бишкек шаарынын мэри жок мезгилде анын милдеттерин аткарат.

Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык, түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин (муниципалдык ишканалардын) жетекчилерин чакырууга жана аларга тапшырма берүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестициялар департаменти.

Бишкек шаарынын мэриясынын «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы.

Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизациялык резервдеги материалдарды сактоо кызматы.

«Бишкек наабайкана» муниципалдык ишканасы.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгы.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине  караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча башкармалыгы.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын райондору боюнча башкармалыгы.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын ЭЭА субъекттерин контролдоо боюнча башкармалыгы.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун райондук бөлүмдөрү.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду.

Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгы.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмү.

*Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын экономика жана финансы бөлүмү.