Сазыкулов Максатбек Шекербекович
  • Туулган күнү:
    05-05-1977
Билими:

1994-1999 - жылдары - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;

2000-2003  - жылдары - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “ЦМАНОП” адистиги, аспирантура;

2012-2014  - жылдары - Япониянын Эл аралык университети (Япония, Ниигата префектурасы), мамлекеттик башкаруу магистри:

2017-2021  - жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, аспирантура.

Иш тажрыйбасы:

1994-1996 - жылдары -  Үрөн чарбасында тажрыйбалуу юридикалык консультант

2003-2004 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде башкы адис

2003-2006 - жылдары - Ж.Баласагын атындагы КУУда мугалим

2005-2008 - жылдары - Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттикте башкы адис, бөлүм башчы

2008  - жылы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эксперти

2008-2010 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери боюнча инспектору

2010 - жылы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын уюштуруу иштери боюнча инспектору

2010-2011 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери боюнча инспектору

2011-2015  - жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бөлүм башчысынын орун басары

2015-2021 - жылдары - Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун административдик кызматтын жетекчиси, уюштуруу- өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы

2021 - жылы июнда - Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды

Бишкек шаарынын транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча мэрдин орун басары

Бишкек шаарынын транспорт, шаар куруу жана архитектура чөйрөсүн жетекчиликке алууну жүзөгө ашырат.

Коомдук жүргүнчүлөр транспортунун, автомобиль жолдорунун жана жол-транспорттук инфратүзүмүнүн иштеши, шаардык жолдорду жана көрктөндүрүү объекттерин сапаттуу долбоорлоо, куруу, реконструкциялоону камсыздоо жана орнотуу; жол кыймылын жөнгө салуу каражаттарынын (жол белгилери, светофордук объекттер, жол чийин белгилери) иштешин камсыздоо; шаар куруу, курулуш жана шаарды реконструкциялоонун техникалык-экономикалык негиздемелерин жана концепциясын даярдоо; шаарга турак жана турак эмес объекттерди, социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объекттерди комплекстүү куруу, имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоо жаатында шаардын курулуш программаларын түзүү жана ишке ашыруу жана бирдиктүү инвестициялык саясат жүргүзүү, курулуш комплексинин функцияларын камсыздоо үчүн товарларды алууга жана иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарууга карата шаардын муктаждыктары жана шаардык тапшырык үчүн капиталдык курулуш чөйрөсүндө шаардын инвестициялык тапшырыгын түзүү, шаар куруу долбоорлорун ишке ашырууга инвестицияларды тартуу боюнча иштерди уюштуруу; Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн Башкы планын, шаар курууну пландоону жана шаарды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, шаардын архитектуралык жана эстетикалык көрүнүшүн, топонимикасын өркүндөтүү; жетектеген багыттар боюнча жалпы шаардык долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу маселелерин координациялайт, контролдойт жана жүргүзөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык тийиштүү бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүлөрүн уюштурат жана жүзөгө ашырат. 

Өз компетенциясына кирген маселелер боюнча жетектеген багыттар боюнча комиссиялардын ишин жетектейт, жумушчу кеңешмелерди өткөрөт; белгиленген компетенциясынын алкагында токтомдорду жана буйруктарды чыгарат.

Өз иш-аракетинде Бишкек шаарынын мэрине отчёт берет.

Бишкек шаарынын Свердлов администрациялык районун жетектейт.

Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык, түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин (муниципалдык ишканалардын) жетекчилерин чакырууга жана аларга тапшырма берүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти.

*Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти. 

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы.

Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы.

*Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаарынын архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы. 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Патрулдук милиция кызматы башкармалыгы.

«Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялоо башкармалыгы» мамлекеттик ишканасы. 

*Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын транспорт, курулуш жана архитектура бөлүмү.