Джунушалиев Айбек Джанышбекович
  • Туулган күнү:
    06-07-1976

Шаардын мэри:

Бишкек шаарынын мэриясынын, ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын иш-аракеттерине жалпы жетекчилик кылат жана контролдоону жүзөгө ашырат, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана башка уюмдардын иш-аракеттерин координациялайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте шаарда мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде аткаруу бийлигинин органдарынын функцияларын жүзөгө ашырууну камсыздайт.

Бишкек шаарын өнүктүрүү саясатын түзөт.

Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн, финансы-экономикалык жана өнөр жай саясатынын негизги багыттарын, ички аудитти, Бишкек шаарынын жашоо-тиричилигин жакшыртууга багытталган жалпы шаардык жана максаттуу программаларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну аныктайт.

Администрациялык реформаларды жүргүзүүнү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумун өнүктүрүү, шаардык башкаруу органдарынын түзүмүн жана функцияларын өркүндөтүү жана оптималдаштыруу жолу аркылуу алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашырууну камсыздайт.

Менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан көрктөндүрүү эрежелеринин, санитардык жана экологиялык ченемдердин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат.

Жумушчу кеңешмелерди өткөрөт, Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук, аймактык бөлүмдөрү жана муниципалдык ишканалары тарабынан аткарууга милдеттүү болгон токтомдорду жана тескемелерди чыгарат.

Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына, мэрдин орун басарларына жана Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисине ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө акт чыгаруу жолу менен жетектеген багыттары боюнча мэриянын чечимдерине жана башка документтерге кол тамга коюуга ыйгарым укуктарды өткөрүп берет. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.




*Бишкек шаарынын прокуратурасы.

*Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгы.

*Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы.

*Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы.

*Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы.

*Администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары.

Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит бөлүмү.

*Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы.

*Райондук аскер комиссариаттары.

*Бишкек шаарынын мэриясынын «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы.