БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2015-жылдын 25-ноябры № 246

"Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы" муниципалдык мекемесинин жобосун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын административдик райондорун башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы "Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы" муниципалдык мекемеси деп кайрадан аталсын.

2. Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май администрациялык районунун башчысы (А.Т.Алиев):

- мекемени юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрсүн;

- бекитилген жобону жетекчиликке алсын;

- бул токтомдон келип чыккан чараларды кабыл алсын.

4. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Бишкек шаарынын мэриясынын 1996-жылдын 13-декабрындагы № 615 "Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 177 "Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май администрациялык району" мекемесинин жобосун бекитүү жөнүндө" токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Н.Р.Тынаевге жүктөлсүн.


Бишкек шаарынын Мэри


К.Кулматов



Бишкек шаарынын Мэриясынын
2015-жылдын 25-ноябрындагы
№ 246 токтому менен
бекитилди

"Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы" муниципалдык мекемесинин
ЖОБОСУ

I. Жалпы жоболор

1. Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы (мындан ары - Администрация), ушул Жободо аныкталган ыйгарым укуктарды жана милдеттерди Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу администрациялык районунун аймагында ишке ашыруучу Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет. Администрациянын укуктук статусу Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамдары жана Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун уставы менен бекитилген.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Администрациянын түзүүчүсү болуп эсептелет.

3. Администрация юридикалык жак болуп, уюштуруу-укуктук тариздеги "мекеме" болуп эсептелет, өз алдынча баланска, эсептик жана башка эсептерге, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербдүү мөөрүнө, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышына, тийиштүү бурч мөөрлөргө, өздүк эсепке, фирмалык бланктарга ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.

4. Администрация Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик бийлик органдары, мекемелер, бирикмелер, ишканалар, уюмдар жана жарандар менен өз ара аракеттенүү менен иш жүргүзөт. Администрация өз ишмердигин бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык стратегиялардын, программалардын жана пландардын, муниципалдык кызматтарга болгон суроо-талаптардын жана эмгек жамааттын социалдык жактан өнүгүшүн камсыз кылуу муктаждыгына ылайык пландайт.

5. Администрацияга өз ишмердигин жүргүзүү үчүн мүлк ыкчам башкаруу укугунда берилет.

6. Администрациянын түзүмү мэр тарабынан мыйзамдуу бекитилген милдеттер (жергиликтүү маанидеги маселелер), ошондой эле мэр аркылуу берилген ыйгарымдардын, анын ичинен мамлекеттик ыйгарым укуктардын натыйжасында түзүлөт.

7. Толук расмий аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы";

- расмий тилде: "Муниципальная администрация мэрии города Бишкек по Первомайскому административному району".

Кыскартылган расмий аталышы:

Мамлекеттик тилде: "Бишкек ш. Биринчи май району боюнча МА"

Расмий тилде: "МА по Первомайскому району г.Бишкек"

8. Администрациянын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү, 348.

II. Администрациянын негизги милдеттери жана иш-милдеттери

9. Администрациялык райондун негизги иш-милдеттери жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү болуп эсептелет.

10. Жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн Администрация төмөнкүдөй иш-милдеттерди аткарат:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн, Бишкек шаардык кеңештин жана Бишкек шаарынын мэриясынын актыларынын аткарылышын камсыз кылат;

- шаардын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн өнүгүшүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына, жергиликтүү салыктарды өз убагында жыйноого, өзүнүн аймагын өнүктүрүүгө инвестицияларды жана гранттарды тартууга көмөк көрсөтөт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын актыларында белгиленген социалдык кепилдиктердин аткарылышына катышат;

- тийиштүү аймактын калкын жана чарба субъекттерин жашоо тиричиликти камсыз кылган кызматтар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, коммуналдык кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн жана макулдашылган иш жүргүзүүсүн уюштурат;

- администрациялык районго тийиштүү аймакта коомдук тартипти бекемдөө боюнча чараларды көрөт жана жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылат;

- өз компетенциясынын чегинде административдик укук бузуулар тууралуу ишти кароо боюнча комиссия түзөт жана анын ишин уюштурат;

- шайлоо комиссиясына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууда шайлоого даярдыктарды көрүүгө, өткөрүүгө жана башка шайлоого тийиштүү иш-чараларга көмөк көрсөтөт;

- жарандык коргонуунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын даярдыгын, өзгөчө кырдаалдарды, табигый кырсыктарды жана анын кесепеттерин жоюу, алдын-алуу боюнча өз убагында уюштуруу-практикалык чараларды жүргүзүүнү камсыздайт;

- администрациялык райондун аймагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча керектүү чаралардын комплексин иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат. Мамлекеттик бийлик органдары менен ишмердигин координациялайт;

- коомдук аймактык өз алдынча башкаруу системасынын иш жүргүзүүсүнө көмөк көрсөтөт.

11. Администрациянын экономика жана финансы тармагындагы иш-милдеттери:

- администрациялык райондун аймагында толугу менен же жарым-жартылай ишке ашырылуучу шаардык пландарды жана программаларды түзүүгө жана аткарууга катышат;

(*)уюштурат;

- администрациялык райондун аймагында сооданы - жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт;

- администрациялык райондун аймагында көчө соодасын жана майда чекене соода тармактарын тартипке келтирүү боюнча чараларды көрөт;

- администрациялык райондун аймагындагы соода ишканалары, коомдук тамактануу жана тиричиликти камсыз кылуучу жайлар тарабынан соода жүргүзүү, калкка кызмат көрсөтүү эрежелеринин сакталышын контролдоону ишке ашырат;

- администрациялык райондун аймагындагы соода ишканаларын, коомдук тамактануу жана тиричиликти камсыз кылуучу жайларды эсепке алууну жүргүзөт;

- администрациялык райондун аймагындагы керектөөчүлөр рыногунун конъюнктурасын жана сурамын изилдейт, калкты соода, коомдук тамактануу жана тиричиликти тейлөө кызматтары менен камсыз кылуу, керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн шарттарды түзөт;

- соода ишканаларына тийиштүү аймактарда көчө соодасынын орундарында санитардык тартипке келтирүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын контролдойт;

- администрациялык райондун муниципалдык ишканалары, мекемелери, Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын, Бишкек шаардык кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын жана администрациялык район башчысынын актыларын аткаруу боюча иш-чараларды ишке ашырууга байланышкан көрсөтмөлөрдүн жана тапшырмалардын аткарылышын уюштурат;

- салыктардын түшүүсүнүн көбөйүшүнө көмөк көрсөтөт.

12. Администрациянын турак жай-коммуналдык чарба, архитектура жана шаар куруу тармагындагы иш-милдеттери:

- администрациялык райондун аймагында өз компетенциясынын чегинде курулуш жана көрктөндүрүү, жолдордун, тротуарлардын, жол белгилеринин, кичине архитектуралык формалардын жана көрктөндүрүүнүн башка элементтерин, имараттардын маңдайындагы абалдарды контролдоо ишин жүргүзөт;

- жеке турак жай курулуш иштеринин жүрүшүн контролдоодо Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен өз ара биргеликте иш жүргүзөт;

- жеке турак жайга жана жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерине муктаж жарандарды эсепке алууну жүргүзөт;

- менчик түрүнө карабастан, администрациялык райондун аймагындагы турак жай фондун эксплуатациялоону уюштурат. ТКЧны реформалоо боюнча көмөк көрсөтүүнү ишке ашырат, турак жай ээлеринин шериктештигинин, турак жай кооперативдеринин иш жүргүзүүсү жана алар тарабынан турак жай фондун башкаруу боюнча ыйгарым укуктарынын аткарылышына бирдей шарттарды түзүүнү камсыз кылууну ишке ашырат;

- администрациялык райондун аймагында жайгашкан коммуналдык жана социалдык-маданий маанидеги объекттердин турак жай фондун мезгилдүү ишке берүүгө даярдоо боюнча ишти уюштурат;

- администрациялык райондун аймагында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга, райондун тазалыгын жана көрктөндүрүүгө бөлүнгөн каражаттардын чегинде турак-жай коммуналдык чарба кызматынын иштерин уюштурат жана контролдойт;

- администрациялык райондун аймагын санитардык тартипке келтирүү, көрктөндүрүү боюнча иштерди жүргүзүү, көк майсаңдарды, сейил жана гүлбактарды, баланстагы жаратылыш-тарыхый объекттерди (эстеликтер, маданий монумент, мемориалдык жана фонтан комплекстери, боордоштор көрүстөндөрү ж.б.у.с.) тийиштүү деңгээлге келтирүү боюнча иштерди уюштурат;

- жергиликтүү коомдоштуктун аймактарын тышкы жарыктандыруу, санитардык тазалоо жана КТКны ташып чыгаруу чөйрөсүндөгү муктаждыктарын канааттандыруу үчүн продукцияларды өндүрүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө муниципалдык тапшырыкты ишке ашырат;

- ээсиз калган батирлерди табуу боюнча чараларды көрөт жана мыйзамдардын белгиленген чегинде тийиштүү органдарга материалдарды жөнөтөт;

- калктын таза суу менен камсыз кылуу тармагында керектөөчүлөрдүн коммуналдык кызматын эсепке алууну, каналдаштыруу тутумун жана курулмаларды тазалоо иштерин камсыз кылууну, катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууну, жылуулук менен камсыздоонун уюштурулушун контролдоону жүргүзөт.

13. Администрациянын социалдык өнүгүү тармагында милдеттери:

- мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдарды эсепке алууну уюштуруу иштерин контролдоону ишке ашырат;

- администрациялык райондун аймагында жайгашкан маданий мурас объекттерин кармоо боюнча иштерди уюштурат;

- администрациялык райондун аймагындагы калк менен маданият тармагындагы ишти пландайт жана өткөрөт, калк арасында ден соолукту чыңдоо иштерин өткөрүүгө көмөк көрсөтөт, ден соолукту коргоо боюнча программаларды ишке ашыруу боюнча дене тарбия тармагындагы иштерди уюштурат;

- калктын аз камсыз болгон катмарына мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, ар кандай фонддор, юридикалык жана жеке жактардан бөлүнгөн каражаттын эсебинен даректүү социалдык коргоого көмөк көрсөтүү боюнча иштерди уюштурат;

- улгайган жана майып жарандарды, жашаган жери белгисиз жарандарды, ошондой эле, жашоонун оор кырдаалына дуушар болгон жарандарды администрациялык райондун (шаардын) социалдык мекемелерине күндүзгү убакка жайгаштырууга көмөк көрсөтөт;

- билим берүү объекттерин материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча иштерди контролдоону ишке ашырат;

- даректүү социалдык жардамдын түрлөрүн жана механизмин иш жүзүнө ашырууну контролдоону ишке ашырат;

- жашаган жери белгисиз жактар үчүн мезгилдүү кабыл алуу жайлардын иш жүргүзүүсүнө көмөк көрсөтөт;

- зомбулукка, анын ичинен үй-бүлөлүк, зомбулукка дуушар болгон балдар боюнча маселелерди чечет.

III. Администрациянын ыйгарым укуктары

14. Администрация төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:

- администрациялык райондун ченемдик укуктук базасынын ишмердигин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизет;

- Администрациянын компетенциясына кирген маселелер боюнча комиссиялардын, атайын жумушчу топторунун иштерине катышат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык райондун иш чөйрөсүнө тиешелүү мамлекеттик, муниципалдык жана башка органдардан, менчик түрүнө карабастан, маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;

- мамлекеттик органдар, кызматтар, мекемелер жана уюмдар менен макулдашуу жана өнөктөштүк негизде ишмердигин жүргүзүүгө;

- Администрация менен биргеликте иш жүргүзгөн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишин контролдоону жана координациялоону камсыз кылат. Жетекчилер өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаган учурда, мэрге аларга карата кызматтан бошотууга чейин тартип чараларын колдонуу жөнүндө маселе коюуга укуктуу.

IV. Администрациянын ишмердигин уюштуруу

15. Администрациянын башкаруучу жогорку органы болуп Бишкек шаарынын мэриясы эсептелет.

16. Бишкек шаарынын мэриясынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет: 

- Администрациянын жобосун бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

- Администрациянын түзүмүн, штаттык тизимин бекитүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык райондун башчысын, орун басарларын жана аппарат жетекчисин кызматка дайындоо жана бошотуу.

17. Администрациянын ишмердигин жетектөө администрациялык райондун башчысы жеке башчылык принцибинде жүргүзөт.

18. Администрациянын түзүмүндө башчынын биринчи орун басары менен башка орун басарлары бар.

19. Администрациялык райондун башчысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаарынын мэрине орун басарларынын, аппарат жетекчинин талапкерлигин кызматка дайындоого же бошотууга сунуш кылат.

20. Администрациялык райондун башчысы жок же өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда (убактылуу эмгекке жарамсыздык, кызматтык иш сапар ж.б.у.с.) анын иш-милдетин башчынын биринчи орун басары убактылуу аткарат.

21. Администрациялык райондун башчысы аймакка караштуу мэрдин өкүлү болуп эсептелет жана төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:

- Администрациянын ишин уюштурат жана белгиленген тартипте анын жыйынтыгы үчүн жоопкерчилик тартат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациянын ишин камсыздоого багытталган келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды жана башка документтерди түзөт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык менчиктин карамагындагы жер тилкелерди бөлүп берүү жөнүндө чечимин кабыл алууга катышат;

- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды жана токтомдорду чыгарат;

- Администрациянын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот, сыйлык акы менен сыйлайт жана тартип жаза берет.

- муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык муниципалдык кызматка өтүүгө байланышкан, анын ичинде кадр резервин түзүү, тандоо, орундарга коюу, кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, сыйлоо жана материалдык жардам көрсөтүү маселелерин чечет;

- бухгалтердик жана статистикалык отчётторго кол коёт, бухгалтердик эсеп, отчёттуулук жана статистикалык отчётту берүү тартиби жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат;

- жарандарды кабыл алууну уюштурат;

- белгиленген мыйзамдарга жана башка укуктук ченемдик актыларга ылайык жарандардын жеке жана жамааттардан түшкөн кайрылууларды, сунуштарды, арыздарды, дооматтарды, өтүнүчтөрдү кароону камсыз кылат;

- администрациялык райондун калкына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердиги жөнүндө калк менен болгон жолугушууда, ошондой эле басма сөз, радио, телекөрсөтүү жана башка жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдайт;

- өз ишинин жыйынтыгы жана аймагындагы иштердин абалы жөнүндө калкка жылына бир жолу отчёт берет;

- Бишкек шаардык кеңештин чечимдеринин, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорунун жана буйруктарынын, жарандардын эркин билдирүүсү боюнча кабыл алынган (чогулуштарда, жер-жерлерде болгон жолугушууларда жана курултайларда) чечимдеринин тийиштүү деңгээлде аткарылышын контролго алат;

- колдонуудагы мыйзамдарга ылайык комиссияларды түзөт;

- белгиленген тартипте мамлекеттик жана жергиликтүү коомдоштуктун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч берет;

- Бишкек шаарынын мэрине белгиленген тартипте Администрация менен өз ара иш жүргүзгөн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындоо жана бошотуу жөнүндө сунуштоо киргизет;

- Бишкек шаарынын мэрине администрациялык райондун башчысынын орун басарларына (анын ичинде биринчи орун басарына), Администрациянын аппарат жетекчисине өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаса, тартипке чакыруу жаза чараларын кабыл алуу жөнүндө жана кызматтан бошотууга чейинки сунуштаманы киргизет;

- Бишкек шаарынын мэрине муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларын бошотууга сунуштама киргизет жана бошотуудан башка тартипке чакыруу жаза чараларын кабыл алат;

- белгиленген тартипте жашыруун документтерди алууга укуктуу;

- Администрациянын милдеттерин жана иш-милдеттерин аткаруу үчүн башка зарыл ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;

- ''Коломто" ММнын жетекчисин дайындайт жана бошотот.

V. Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүсү

22. Администрациянын мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттери төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт:

- администрациялык райондун өнүктүрүү планын ишке ашыруу алкагында администрациялык райондорду өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрүнө жетишүү;

- администрациялык райондун кызыкчылыктарына тийиштүү маселелерди биргеликте чечүү;

- Администрациянын компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча Администрациянын ар кандай комиссияларынын курамдарына аймактык мамлекеттик органдардан өкүлдөрдү тартуу;

- администрациялык райондун аймагында мамлекеттик программаларды ишке ашыруу мониторингин жүргүзүү;

- өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрүнө жетишүүнүн анализин андан ары Бишкек шаарынын мэриясына маалымат берүү менен жүргүзүү;

- мамлекеттик менчик формасындагы ишканалар тарабынан администрациялык райондун аймагындагы калктын жашоо тиричилигин камсыздоо кызматтарын негизги жеткирип берүүчүлөрүнүн ишине мониторинг жана объективдүү баалоо жүргүзүү, таасир этүүнүн жыйынтыктарына байкоо жүргүзүү;

- аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын ишке ашырууда уюштуруу жана техникалык жактан көмөк көрсөтүү.

VI. Муниципалдык аймактык башкармалыктар менен өз ара аракеттенүүсү

23. Администрациялык райондун башчысы муниципалдык аймактык башкармалыктардын (мындан ары - МАБ) ишин төмөнкү маселелер боюнча жетектейт:

- МАБга жүктөлгөн милдеттердин, иш-милдеттердин жана ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдойт;

- МАБдын дараметинин институционалдык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзөт;

- МАБга тийиштүү маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт;

- МАБдын иш планын бекитет;

- МАБдын ишине жана МАБдын аймагын өнүктүрүү планынын аткарылышына баалоо жүргүзөт;

- МАБ жана тапшырыкчынын ортосундагы материалдык жана финансылык чыгымдарды компенсациялоо менен өткөрүлүп берилген иш-милдеттерди аткаруу боюнча келишимдик мамилелердин түзүлүшүнө көмөк көрсөтөт;

- МАБдын өз иш-милдеттерин ишке ашырууга көмөк көрсөтөт;

- кирешелердин айрым түрлөрүнүн чегерүү ченемдеринин алкагында МАБды финансылык ресурстар менен камсыздоого көмөк көрсөтөт; МАБдын сметасындагы акча каражаттарынын көлөмү Администрациянын бюджетинин мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде түзүлөт;

- МАБга КТКны жыйноо жана чыгаруу, тышкы жарыктандырууну иштетүү, аймакты санитардык тазалоо кызматтарын жеткирип берүүчүнү тандоо боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берет.

VII. Финансы ресурстарын башкаруу

24. Натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу үчүн Администрациянын кирешелер жана чыгымдар сметасы түзүлөт. Администрациянын бюджетинин булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- үлүшү шаардык бюджет аркылуу аныкталган жалпы мамлекеттик, жергиликтүү салыктарды, салыктык эмес төлөмдөрдү бөлүштүрүү боюнча алынган салыктык жана салыктык эмес кирешелер;

- тартылган ыктыярдуу төгүмдөр.

25. Киреше бөлүк Бишкек шаарынын Каржы башкармалыгы тарабынан берилген салыктык жана салыктык эмес кирешелер боюнча божомолдуу көрсөткүчтөрүнүн негизинде түзүлөт. Чыгаша бөлүк администрациялык районду өнүктүрүү планынын муктаждыгынын, Администрациянын ыйгарым укуктары менен аныкталган башка чыгым милдеттенмелеринин негизинде түзүлөт.

26. Администрациянын бюджетинин киреше булактары, түзүү тартиптери Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин алкагында жыл сайын аныкталат.

VIII. Администрациянын мүлкү жана финансысы

27. Администрацияга мүлк ыкчам башкаруу укугунда бекитилет.

28. Администрация ыкчам башкаруу укугундагы кыймылсыз мүлктү Бишкек шаарынын мэриясынын макулдашуусуз сатууга, өткөрүп берүүгө, күрөөгө коюуга, коомдук чарбалардын, шериктештиктердин уставдык капиталына үлүштүк салым катары киргизүүгө укугу жок.

29. Администрациянын ишин каржылоо Бишкек шаарынын мэри тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык шаардык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.

IX. Эсепке алуу, отчёттуулук, контролдоо

30. Администрация Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте өзүнүн ишинин жыйынтыгына ыкчам, чарбалык бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну жүргүзөт.

31. Администрация Бишкек шаарынын мэриясына квартал сайын отчёттуулук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин бюджеттин аткарылышы жана финансы-чарбалык ишмердиктин жыйынтыгы жөнүндө отчёт берет.

32. Администрациянын отчёту жана жыйынтык теңдеми башчы тарабынан бекитилип, тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырылат.

33. Администрациянын башчысы жана башкы бухгалтери эсепке алуунун тууралыгына, акча-каражаттарын жана мүлктү максаттуу колдонулушуна жоопкерчилик тартышат, КРнын Эмгек кодексине ылайык толугу менен материалдык жоопкерчилик тартышат.

X. Администрацияны кайра уюштуруу жана жоюу

34. Администрацияны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат:

35. Администрацияны кайра уюштуруу (биригүү, кошулуу, бөлүнүү, бөлүп чыгаруу, кайра түзүү) Бишкек шаарынын мэриясынын чечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

36. Администрациянын иш жүргүзүүсүн токтотуу Бишкек шаарынын мэриясынын же соттун чечими аркылуу жүргүзүлөт. Кредиторлордун талаптарын канааттандыргандан кийин калган Администрациянын мүлкү анын уюмдаштыруучусу катары Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилет.

37. Каттоо органы тарабынан тийиштүү чечим кабыл алгандан тартып Администрация жоюлду деп эсептелет.

38. Администрациянын иш жүргүзүү учурунда пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.